Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Батукаев иши: Аида Салянованын адвокаттары прокурорду четтетүү тууралуу өтүнүч беришти


Аида Салянова.

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн, 21-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянованын ишин карады.

Бул тууралуу Салянованын тууганы Чынара Турдалиева «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, адвокат бүгүнкү отурумда да жараянга катышып жаткан прокурор Медер Абдышевди четтетүү тууралуу өтүнүч келтирип, судья аны канааттандырган жок.

Салянованын тарапкерлери Абдышевдин ага кызмат боюнча жеке таарынычы бар экенин, андыктан иштин калыс каралышынан күмөн жаралып жатканын айтып келишет.

«Аида Салянованын сотунда 2010-жылдын 7-апрелинде аялдарга зомбулук көрсөткөн прокурор катышып жатат. Ошол фактылары үчүн Салянова башкы прокурор болуп турганда аны жумушка албай койгон»,- деди Турдалиева.

Прокурор мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарындагы түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен козголгон иштин негизинде жалпысынан 19 адамга айып коюлган. Алардын төртөө боюнча өкүм чыккан.

Ал эми тергөө менен кызматташууга макул болгон 14 кишинин арасында Салянова да болгон. Кийин ал тергөө менен келишимин токтотконун, бирок ага чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөгөнүн билдирген.

Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын ичинен алты кишиге 260 миң сомдон, төрт адамга 300 миң сомдон айып салган. Аида Салянова баштаган дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат.

Салянованын иши ар аптанын шаршемби күндөрү карала турган болгон. Кийинки жараян 28-октябрга белгиленди. (NT)

XS
SM
MD
LG