Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берди (видео)


Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда расмий билдирүү таратып, бүгүндөн тартып өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялады.

Жапаровдун билдирүүсүндө эң кирешелүү тармактар - энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен ж.б. тармактарда коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөндөргө, ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы аткаминерлерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алгандарга, салык төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн аткаминерлердин тобуна, министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күн убакыт берилери айтылат. Жапаров бул мезгил аралыгында коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, өөнөлгөн акчаны мамлекеттик казынага кайтарууну талап кылган.

«Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла. Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам. Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат», деген Садыр Жапаров бул иш-чара бир гана жолу болорун эскерткен. Ал ушул учурду колдонуп калууга чакырган.

Садыр Жапаров укук коргоо, тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жасап, акчаларды экономикага кайрып бергендерге административдик жана экономикалык кечирим берилерин билдирди. Декларация боло турган мүлк менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик бере турганына, ыктыярдуу түрдө декларациялоо жараяны сыр сакталарына убада берди.

Өз билдирүүүндө ал экономикалык мунапысты пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн белгилеген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG