Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги айыл чарба министринин кызматына көрсөтүлдү


Тилек Токтогазиев. 2020-жылдын 21-октябры.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматына жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул маселе ушу тапта Жогорку Кеңештин комитетинде каралганы жатат. Жыйынга Токтогазиев өзү да чакырылган.

Буга чейин министр Эркинбек Чодуев өз арызынын негизинде кызматтан кеткени кабарланган.

Токтогазиевдин талапкерлигин бул кызматка 2019-жылдын май айында да Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы көрсөткөн болчу. 29 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев «Жашыл чарба» аттуу агрохолдингдин негиздөөчүсү катары белгилүү.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоого ал «Ата Мекен» партиясынын катарында талапкер катары катышкан. Шайлоо ыплас өткөнүнө каршы акцияларга катышып, 9-октябрдагы митингде башынан жараат алган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG