Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

«Центерранын» директорлор кеңешине Кыргызстандан Тенгиз Бөлтүрүк сунушталды

Кумтөрдө тартылган сүрөт. 2017-жыл.
Кумтөрдө тартылган сүрөт. 2017-жыл.

Кумтөрдү иштеткен канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан Тенгиз Бөлтүрүк сунушталды. Ал кыргызстандык үч өкүлдүн бири болорун «Кыргызалтын» ишканасынын басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна билдирди.

20-октябрда премьер-министр, презденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктүн директорлор кеңешине дайындаганын Би-Би-Сиге берген интервьюда айтып, аны иш билги адис катары мактаган.

«Centerra Gold Inc» компаниясынын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. Алар - Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев жана Аскар Өскөмбаев.

Тенгиз Бөлтүрүк алардын кимисинин ордуна барары азырынча белгисиз.

Кумтөр кени 2026-жылы жабылары айтылып келген. Бирок акыркы жылдары кенде чалгындоо иштерин жүргүзүп, анын мөөнөтүн 2040-жылга чейин узартууга мүмкүн экени, бул үчүн «Centerra Gold Inc» 2020-жылы 20 миллион доллар бөлөрү кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG