Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:54

«Центеррадагы» сыйлуу орундар


«Центерранын» директорлор кеңешинин азыркы жана мурдагы мүчөлөрү. (Коллаж үчүн компаниянын жылдык отчеттору колдонулду).
«Центерранын» директорлор кеңешинин азыркы жана мурдагы мүчөлөрү. (Коллаж үчүн компаниянын жылдык отчеттору колдонулду).

Май айынын башында Кыргызстан Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешиндеги эки өкүлүн алмаштырды.

Бул кеңешке мүчө болгон кыргыз жарандары Кумтөр маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгын канчалык натыйжалуу коргоп жатканы жана алардын ири суммадагы маяналары коомчулукта ача пикир жаратып келет.

Өткөн аптада «Центерранын» «акционерлери» деп мүнөздөлгөн тизмеде Кыргызстандын өкүлдөрүнүн да аты-жөнү жүргөнү социалдык тармактарда жаңы талкууга жем таштады.

Биз алдыда «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айланасындагы соңку жаңылыктарды, сын-пикирлерди талдайбыз.

«Центеррадагы» Кыргызстандын өкүлдөрү алмашты

Алгач эле өлкөнүн эң ири алтын кенин иштеткен «Центерра Голддун» («Centerra Gold Inc.») директорлор кеңеши тууралуу учкай маалымат бере кетели.

Канаданын Торонто шаарында катталган бул компаниянын директорлор кеңешинин 11 мүчөсү бар. «Центерра» менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда 2009-жылы кол коюлган келишимге ылайык, компаниянын эң ири акциясына ээлик кылган Кыргызстан кеңештин үч мүчөсүн көрсөтүүгө укуктуу. Алардын бирөө кыргыз өкмөтүнөн көз каранды эмес болушу керек. Директорлор кеңешинин калган сегиз мүчөсүн «Центерранын» башка акционерлери көрсөтөт.

Расмий маалыматка ылайык, директорлор кеңеши компаниянын стратегиялык өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп, иш ыргагына көз салып, бардык акционерлердин кызыкчылыгы үчүн иш алып барышы керек. Кеңештин мүчөлөрү акционерлердин чечими менен жылдык жыйында бекитилип же алмаштырылып турат. Соңку он жыл ичинде бул кызматта кеминде 12 кыргызстандык иштеди.

«Центерранын» 2019-жылдын 1-майындагы жылдык жыйынында Кыргызстандын атынан эки жаңы өкүл шайланды. Бул жолу кыргыз тарап 2016-жылдан бери кеңешке мүчө болуп келген Бектур Сагынов менен Эдуард Кубатовдун ордуна Дүйшөн Касеновду жана Максат Көбөнбаевди сунуш кылды.

Касенов 2015-жылдан бери «Кумтөр голд компани» ишканасынын башкармалыгынын мүчөсү болсо, Көбөнбаев Кыргызстанда да иш алып барган бир катар эл аралык кен компанияларында иштеген. Бир жыл мурда директорлор кеңешине шайланган дагы бир кыргызстандык, «Кыргызалтын» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Аскар Оскомбаев быйыл ордунда калды.

Эми ушул директорлор кеңешинин кыргызстандык мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгынын аты аталган социалдык тармактардагы тизме тууралуу сөз кылалы.

Талаштуу тизменин чоо-жайы

Өткөн аптада «Фейсбук» социалдык түйүнүнө «Центерранын» «акционерлери» деп мүнөздөлгөн тизме жарыяланды. Басымдуу бөлүгүн чет өлкөлүктөр түзгөн бул тизмедеги жалпы 130 кишинин кеминде 14ү кыргызстандыктар. Алардын арасында Кыргызстандын биринчи жана экинчи президенттеринин тушунда «Кыргызалтындын» атынан «Центерраны» башкарууга катышкандар, 2009-жылдан бери «Центерранын» директорлор кеңешине мүчө болгон дээрлик бардык кыргызстандыктар бар. ​

Ошондой эле өз кезинде «Кумтөр голд компанинин» жетекчилик кызматтарында иштеген Андрей Сазановдун, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү болуп саналган Алексей Елисеевдин аты да тизмеде жүрөт.

Тизмени алгачкылардан болуп жарыялаган, Кумтөр боюнча 2012-жылы түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, кезинде «Жети-Өгүз жаштары» коомдук бирикмесин жетектеген Нарис Калчаев бул документтерди өз иликтөөсүнүн натыйжасында таап депутаттарга бергенин, аны текшерип чыгуу зарыл экенин айтты.

«Бийлик ушуларды изилдеш керек. Кимдер булар? Акцияга кандай ээ болушкан? Эмне себептен акционер болуп калышты? Мен изилдеген боюнча төрт-беш фамилиядан бөлөгү, 15тей фамилия бүт эле ошол директорлор кеңешинде жана «Кыргызалтында» иштеген жетекчилер болуп чыкты. Бирөө “булар «Центерранын» ички ишин билген адамдар” деп айтып жатат. Анда эмне себептен дагы эле Елисеевдин аты жүрөт?», - деп суроо салды Калчаев.

Биз Канаданын тескөөчү органдары тарабынан түзүлгөн SEDI (System for Electronic Disclosure by Insiders - «Инсайдерлердин электрондук декларациясы үчүн система») деген ачык порталдан алынган бул тизмени өз алдынча териштирип көрөлү. Бул порталдагы ачык маалыматтар тизмеде аты аталган адамдардын «Центерранын» акционерлери экенин ырастаган жок. Бирок компаниянын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө (эл аралык практикада колдонулгандай) үлүшкө же акцияга негизделген ири маяна берилерин тастыктады. Анын чоо-жайын алдыда кыскача түшүндүрө кетели.

SEDI порталына Канададагы ири компаниялардын жетекчилеринин, акционерлеринин же расмий өкүлдөрүнүн үлүштөрү же транзакциялары тууралуу милдеттүү түрдө тапшырылуучу электрондук декларациялары жайгаштырылып турат.

Канаданын бул системасы социалдык тармактарга тараган тизмедеги адамдарды акционер эмес, «Центерранын» инсайдерлери деп мүнөздөйт. Инсайдер – бул компаниянын ички маселелерин, коомчулукка белгилүү боло элек маалыматтарын билген кызматкери же жетекчиси.

SEDI порталынан «Центерра» компаниясы өз инсайдерлерине маал-маалы менен үлүш же баалуу кагазга негизделген акциялык бирдиктерди берип турганын көрүүгө болот. Акциялык бирдик деген акция дегенди эмес, көбүнчө компаниянын ички төлөм бирдигин түшүндүрөт. Бул дүйнөдөгү ири компаниялар кызматкерлерин же жетекчилерин шыктандырыш үчүн колдонгон мыйзам ченемдүү практика. Тактап айтканда, сиз компанияда иштеп турганда анын ички баалуу кагаздарына ээ болуп, ал аркылуу кошумча бонус ала аласыз.

SEDI системасынан алынган айрым документтер.
SEDI системасынан алынган айрым документтер.

«Центерра» менен «Кыргызалтындын» түшүндүрмөсү

Биз «Центерранын» вице-президенти Жон Пирсондон бул практика канадалык компанияда кандай колдонуларын түшүндүрүп берүүнү өтүндүк. Анын «Азаттыкка» жазган катында айтылгандай, «Центерра» директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнө маяна катары бир жылда кеминде 175 миң Канада долларын берет. 1 АКШ доллары 1,3 Канада долларына барабар экенин экенин эске алганда, бул орто эсеп менен 130 миң АКШ долларына барабар.

Ал эми дал ошол 175 миң Канада долларынын 115 миңи (88 миң АКШ доллары) жогоруда айтылгандай акцияга негизделген система менен же компаниянын ичинде гана колдонулуучу «Чектелген акция бирдиктери» (Restricted Share Units) менен төлөнөт. Бул бирдиктер ар бир жетекчинин эсебине ай сайын же квартал сайын түшүп турат. Кожоюн аны накталай акчага же акцияга айландырып алса болот.

«Көпчүлүк директорлор өздөрүнүн «Чектелген акция бирдиктерин» колдонот жана ал үчүн накталай акча алышат. Бул көпчүлүк коомдук компаниялар үчүн кадыресе өндүрүштүк практика. «Центерра Голддун» ар бир директору жана расмий өкүлдөрү алардын «Центеррада» ээлик кылган үлүштөрү тууралуу «Инсайдерлердин электрондук декларациясы үчүн системага» (SEDI) маалымат берип турушу керек. Бул коомдук маалымат базасына www.sedi.ca дареги аркылуу кирсе болот. Алар ээлеген үлүштөрү тууралуу өзгөрүү болгондо SEDI порталындагы маалыматты жаңылап турушу зарыл. «Центерранын» мурдагы жетекчилери директорлор кеңешинен кеткенден кийин өз ишмердиги тууралуу SEDI порталына маалымат берип турууга милдеттүү эмес. Андыктан алар эмнеге ээлик кыларына комментарий бере албайм», - деп жооп берди «Центерранын» вице-президенти Жон Пирсон.

SEDI порталындагы документтер көрсөткөндөй, мындай акцияга же үлүшкө негизделген маяна «Центерра Голддун» директорлор кеңешине мүчө болгон бардык кыргызстандыктарга, анын ичинде бул кеңештеги мүчөлүгү 2010-жылдын май айында токтогон Алексей Елисеевге да берилген.

Ар бир бирдиктин баасы компаниянын ошол учурдагы акциясынын баасына барабар болгон. «Центерра» билдиргендей, директорлор кеңешинин мүчөлөрү бул бирдиктерди кааласа акцияга айландырып, дивиденддерди алып турса болот. Бирок биз сүйлөшкөн директорлор кеңешинин бир нече мүчөсү маяналарын акцияга алмаштырбаганын айтышты.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков да «Чектелген акция бирдиги» менен берилген маянаны кадыресе практика катары мүнөздөдү.

«Маянын бир бөлүгү акция менен берилет. Бул эл аралык практика. Мында эч маселе жок. Айлык алышат, анын бир бөлүгүн акция аркылуу алышат. Сиз айтып жаткан тизмени билбейт экенмин. Мен аны көргөн жокмун», - деди Алимбеков.

«Центерранын» директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Эдуард Кубатов да муну стандарттык процедура катары мүнөздөдү:

«Бул коомдук компаниялардын корпоративдик директорлоруна акы төлөөнүн толугу менен стандарттык процедурасы. Ачык булактарда аны төлөөнүн стандарттары жана принциптери тууралуу материалдар бар. Бул ачык маалымат».

Сыйлуу кызмат

Албетте, бул мыйзам чегинде колдонулган эл аралык практика экени талашсыз. Ошентсе да SEDI порталындагы документтер «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөлүгү кирешелүү кызмат экенин дагы бир жолу айгинелеп турат. Мисалы директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин эсебинде үч жарым жыл ичинде 35 524 чектелген акция бирдиги топтолгон. 2014-жылдын апрель айындагы баа ылайык, бул 195 миң Канада долларына (2014-жылдагы орточо курс боюнча 150 миң АКШ долларындай) барабар.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Кумтөр кенине барган учур. 9-сентябрь, 2017-жыл.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Кумтөр кенине барган учур. 9-сентябрь, 2017-жыл.

2010-жылдан 2014-жылдын май айына чейин директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Амангелди Муралиев муну компаниядагы натыйжалуу иштин жыйынтыгы катары мүнөздөдү:

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиев.
Экс-премьер-министр Амангелди Муралиев.

«Алар бонус катары берилген. Жакшы иштеп, жыйынтыктар болсо, ошондо берилет. Анын өзүнүн эрежелери бар. Азыр андай акциялар менде жок да. Иштегенде бар болчу».

«Центерранын» директорлор кеңешинин дагы бир мурдагы мүчөсү Кылычбек Шакировдун эсебинде эки жыл он айдын ичинде 45 миңден көп чектелген акция бирдиги топтолгон. Ал маалдагы ар бир акциянын орто баасы беш Канада доллары экенин эске алганда, Шакиров директорлор кеңешине мүчө болгон жылдары 225 миңдей Канада долларын (170 миң АКШ долларынан ашык) алганын көрүүгө болот.

Шакировдун өзү менен байланыша алган жокпуз. Бирок ал «Центерранын» директорлор кеңешине мүчө болуп турган кезде 2013-2014-жылдары «Кыргызалтын» ишканасын жетектеген, учурдагы акыйкатчы Токон Мамытов Шакиров «Центеррадан» алган маянасын мамлекеттик ишканага төгүп берип турганын айтты:

Акыйкатчы Токон Мамытов.
Акыйкатчы Токон Мамытов.

«Мен иштеп жүргөндө директорлор кеңешинин мүчөсү, менин орун басарларымдын бири Кылычбек Шакиров деген жигит директорлор кеңешинин мүчөсү катары 17-20 миң доллардай алчу. Ошону толугу менен биздин кассага, «Кыргызалтынга» төгүп берчү. Дагы бирөө бар эле, ал теңин төктү. Эмгек маянасынан «эл үчүн иштейбиз» деп баш тартышкан. Бул биринчи жолу болгон. Ага чейин, андан кийин да болгон эмес».

«Центерранын» директорлор кеңешинин кыргызстандык мүчөлөрүнүн ири суммадагы айлыгы кыргыз коомчулугунда маал-маалы менен талкууланып келгени белгилүү.

Бул маселени быйыл март айында эле Жогорку Кеңештеги Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Автандил Кулбараков көтөргөн. Анда «Кыргызалтындын» жетекчиси Алмаз Алимбеков «Центерранын» директорлор кеңешинде отурган кыргызстандыктардын айлыгы 10 миң доллардан ашпай турганын билдирген.

Чынында директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айлыгы жашыруун деле эмес. Кеңештин кайсы мүчөсүнө канча айлык берилгени «Центерранын» өзүнүн жылдык отчетторунда ачык эле жазылып турат.

Маселен, компаниянын 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарган, быйыл март айында жарыяланган документинде директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Бектур Сагынов былтыр 132 миң Канада долларын накталай түрдө, 115 500 долларды акцияга негизделген бирдик түрүндө алганын көрүүгө болот. (Жалпысынан 185 миңдей АКШ доллары).

«Центерранын» бул сыяктуу отчетторунан директорлор кеңеши айына 20 миң Канада долларын же 15 миң АКШ долларындай айлык алышы мүмкүн экенин эсептеп чыкса болот.

Быйыл 1-майда кызматын тапшырып берген Бектур Сагынов директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө Канаданын мыйзамдарынын негизинде айлык каралганын, айрым учурда документте айтылган сумманын баары колго тие бербей турганын билдирди:

«Эмгек акылардын көлөмүн «Центерра» өзү ойлоп тапкан жок да. «Центерра» Канададагы башка компаниялар менен дайыма салыштырып, талдоо жүргүзүп турат. Биз Канадада салык төлөөчү катары катталганбыз. «Центерра» өзү санап кармап калат. Канадада, өзүңүзгө маалым болгондой, салыктын өлчөмү да чоң».

Кеңештин мүчөлөрү кандай иштеп жатат?

«Центерра Голд» иштеткен Кумтөр алтын кенинде уюштурулган тур. 2017-жыл.
«Центерра Голд» иштеткен Кумтөр алтын кенинде уюштурулган тур. 2017-жыл.

Кантсе да Кыргызстанда ушундай ири маяна алган директорлор кеңешинин мүчөлөрү канчалык натыйжалуу иштеп жатканы тууралуу пикирлер да бир кылка эмес. Бул маселени быйыл февраль айында Жогорку Кеңештин Суу кодексин талкуулаган жыйынында Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев көтөргөн эле.

«Канчадан бери Кумтөр менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Сүйлөшүп эле келе жатасыңар. Ошол Кумтөрдөн, директорлор кеңешинде отургандар, айлык жеп жаткандар, «Центеррада» 18-20 миң доллар алып жаткандар биздин мөңгүлөр, биздин суулар боюнча үн каттыбы? Бир сүйлөштүк деп келдиби? Айткылачы?» - деп суроо салган Рыспаев.

2012-2013-жылдары Кумтөрдүн экологиясы боюнча курч талкуу болуп, нааразылык акциялары жүрүп жатканда да «Центерра Голддун» директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата «майлуу орундарына курсант болуп, канадалык компаниянын камчысын чаап келет» деген дооматтар айтылган.

Андан бери бул сыяктуу сын дагы эле жүйөлүү экенин Кумтөрдүн айланасындагы маселелерди иликтеп жүргөн, мурдагы вице-премьер-министр, экс-депутат Кубанычбек Исабековдун пикири көрсөтүп турат:

Экс-депутат Кубанычбек Исабеков.
Экс-депутат Кубанычбек Исабеков.

«Алардын бир үнүн уккан жокпуз. Кыргызстандын таламын талашып, сунуш-пикирин айтып, ошону аягына чыгарган бир да директорлор кеңешинин мүчөсү болгон жок. Алар өз кызыкчылыгын колдоп, коргогон адамдар болуп келишти. Атамбаевдин тушунда «Кыргызалтындын» жетекчисинин орун басары ошол директорлор кеңешинин мүчөсү болуп кеткен. Алар 20 миң доллардан айлык алышат. Жашаган жерлери беш жылдыздуу отелдер, бизнес класс менен учат. Анан алар кантип Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошу мүмкүн? Анын үстүнө бийликке жакын эле адамдарды, бийликке керектүү кишилерди жиберип жатышат».

«Кыргызалтындын» маалыматы боюнча, «Центерранын» директорлор кеңешине кыргыз тараптан көрсөтүлгөн талапкерлер атайын сынактын натыйжасында тандалат. Сынак талапкерлердин арыздарын карап чыгуу жана баарлашуу деген эки этаптан турат. Юридикалык, экономикалык же тоо-кен тармагында техникалык билими бар 30дан 67 жашка чейинки адистер талапкер боло алышат. Алардын коммерциялык уюмдарды башкарууда тажрыйбасы болушу керек.

Эл аралык финансы рыногун, корпоративдик башкаруунун принциптерин, бухгалтердик эсепти билгендерге жана англисче сүйлөй алгандарга артыкчылык берилет. «Центерранын» вице-президенти Жон Пирсон «Азаттыкка» билдиргендей, канадалык компания «Кыргызалтын» тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерди тандоо жараянына катышпайт.

«Кыргызалтындын» жетекчиси Алмаз Алимбековдун айтымында, директорлор кеңешинин мүчөлөрү Канаданын мыйзамдарынын негизинде бардык акционерлердин кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып барууга милдеттендирилген.

«Канаданын мыйзамдары боюнча директорлор кеңешинин мүчөлөрү толугу менен компаниянын жана бардык акционерлердин кызыкчылыгын коргошу керек. Канаданын мыйзамдары ушундай», - деди Алимбеков.

Директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Бектур Сагынов Кыргызстандын «Центеррадагы» өкүлдөрүнүн ишин сындаган пикирлерге кошулбайт. Анын айтымында, компаниянын эрежелери боюнча директорлор кеңешинин мүчөлөрү маалыматты шамшаркыт ачыкка чыгарууга укугу жок.

Ошентсе да Сагынов айрым маселелерде кыргызстандык өкүлдөр кол куушуруп отурбаганын, мисалы 2016-жылы «Центерра» америкалык «Thompson Creek Metals» компаниясын сатып алууну чечкенде кеңештин кыргызстандык мүчөлөрү ага ачык каршылык билдиргенин белгиледи:

«Центерранын» директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Бектур Сагынов.
«Центерранын» директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Бектур Сагынов.

«Биз баары бир Кыргыз Республикасынын жараны болгондуктан дайыма мамлекетибиздин, мекенибиздин кызыкчылыгын коргоп, ошого күрөшүп келгенбиз. Жанагыдай сөз сүйлөгөн адамдар абалды билбейт да. Аларга кантип келип айтасың? Мисалы, «Thompson Creek» компаниясын сатып алганда да биз каршы чыкканбыз. Ал жөнүндө канча жолу айттым? Мен өзүм да парламентке бардым. Анда «Республика» партиясы катуу сынга алган. Мен ошолордун баарын жакшынакай түшүндүргөнгө аракет кылсам да, эми саясатчылар кээде угат экен, кээде укмаксан болуп коебу...»

Бектур Сагынов кийинки убакта Кумтөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууда жана «Центерра» менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда байланыш түзүүдө директорлор кеңешиндеги кыргызстандыктардын салымы чоң болгонун да кошумчалады.

Кеңештин мүчөсүн көбөйтүү керекпи?

Ошентсе да «Кыргызалтындын» мурдагы башчысы, учурдагы акыйкатчы Токон Мамытов кыргыз тараптын үнүн «Центерранын» башка акционерлерине жеткирүүдө, директорлор кеңешинин чечимине таасир этүүдө үч өкүлдүн колунан көп нерсе келбей турганын айтты:

«Өзүңөр билесиңер, ал жакта көпчүлүк добуш менен чечилет. Биздин директорлор кеңешинин мүчөлөрү ал жерде бир да маселени коё албайт. Алар сегиз добуш менен маселени күн тартибине коюп, өткөрүп кетишет. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп туруп, директорлор кеңешинин мүчөлөрүн көбөйтмөйүнчө бул маселелер ошол бойдон кала берет».

«Центерра Голд» компаниясынын вице-президенти Жон Пирсон директорлор кеңешинин мүчөлөрү акционерлердин кызыкчылыгы үчүн иш жүргүзөөрүн эске алып, директорлор кеңеши Канаданын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү экенин билдирди:

«Канаданын мыйзамдарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнөн өздөрү иштеген компанияга берилгендигин жана жоопкерчиликтүү болушун талап кылган катуу эрежелери бар».

Кантсе да учурда кыргыз өкмөтү менен «Центерранын» ортосунда дагы эле сүйлөшүлүшү керек болгон маселелер кала берүүдө. Соңку бир канча жылда «Центерранын» кошумча эмиссияларды чыгарышы менен Кыргызстандын үлүшү 32 пайыздан 26 пайызга азайды. Кумтөрдөн канча дивиденд, канчалык туруктуу каражат төлөнүп жатканы жана кендин айланасындагы экология маселеси дагы эле байма-бай көтөрүлүп келет.

Мындан тышкары «Центерра» менен кыргыз өкмөтүнүн стратегиялык келишиминин тагдыры чечилбеген бойдон турат. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнүн тушунда кол коюлган келишимдин шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга кошумча экологиялык төлөмдөрдү берип, буга жооп иретинде кыргыз өкмөтү бардык соттордогу доо арыздарын чакыртып алышы керек болчу. Бирок жаңы келген өкмөт ал келишимди бекитпей, жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган болчу.

«Центерра» иштеткен Кумтөр алтын кени Кыргызстандын жылдык ички дүң жыйымынын 10 пайызга чукулун түзөт. «Кумтөр голд компанинин» маалыматы боюнча, Кумтөрдө 2675 киши толук режимде иштейт. Алардын 98 пайызы кыргызстандык жарандары. Эл аралык Валюта Фонду Кумтөр кенинде 2026-жылы алтын өндүрүү токтой турганын белгилеп, Кыргызстанды тез арада альтернатива боло алчу өндүрүштү ишке салууга чакырган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG