Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Кумтөрдүн айланасында чыр ырбады


Кумтөр ишканасы. 31-май, 2011.
Кумтөр ишканасы. 31-май, 2011.

Кумтөрдөгү абалды иликтеген депутаттык комиссия “Центерра голд” менен келишимди бузууну камтыган токтом даярдады.

Кумтөр кенинде түзүлгөн кырдаалды изилдөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия “Центерра голддун” директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан кирген мүчөлөр өлкө кызыкчылыгын коргобой жатканын сындап чыкты. Депутаттардын жүйөсүндө, бул мүчөлөр “Центерра голддун” ири өлчөмдө маяна алып, компаниянын жетегинде калган. Анткен менен кыргыз тараптан көрсөтүлгөн директорлор кеңешинин үч мүчөсү мындай дооматты четке кагууда.

Кумтөр боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын төрагасы,“Ата-Журт” фракициясынын лидери Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын атынан “Центерра голддун” директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн Амангелди Муралиев, Карыпбек Ибраев жана Ниязбек Алдашев өз майлуу орундарына курсант болуп, канадалык компаниянын камчысын чаап келет:

- “Центерра голд” директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз эмгеги үчүн эбегейсиз акы алышат. Мисалы, 2011-жылы Кыргызстандын өкүлдөрү Амангелди Муралиев, Карыпбек Ибраев жана Ниязбек Алдашев маяна катары 188 миң доллар алышкан. Муну бир ай үчүн эсептеп көрсөк, алардын айлыгы 15 миң 741 доллардан туура келет экен. Мындан сырткары Канадага жыйынга катышуу үчүн барган сайын чөнтөк чыгымдары үчүн 4 миң доллар акы алып турушкан. Бирок биздин өкүлдөр “Центерра голддун” ишине көзөмөл жасоодон четтеп кетишкен. Бул биздин өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого кайдыгер мамиле жасаганын көрсөтүп турат.

Канадагы Торонто шаарында жайгашкан “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин жалпысынан 11 мүчөсү бар. Алардын ичинен компаниянын эң ири отуз үч пайыздык акциясына ээлик кылган Кыргызстан үч мүчө көрсөтсө, калгандары “Центерранын” башка үлүштөрүнө ээлик кылган ишканалардын өкүлдөрү.

Мына ушул өнөктөштөр арасында Кыргызстандын атынан мурдагы премьер-министр, учурдагы “Кыргызалтын” ААКсынын деректирлер кеңешинин төрагасы Амангелди Муралиев, эксперт-геолог Карыпбек Ибраев жана юрист Ниязбек Алдашев тандалган. Буларга компаниянын деректирлер кеңешинин жыйындарына катышып, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо милдети жүктөлгөн.

Бирок парламенттик комиссиянын мүчөсү, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, акыркы учурдагы Кумтөрдөгү экологиялык эрежелер сакталбай, каржылык алешимдиктерге көз жумуп келишкен:

- Негизинен башынан эле туура эмес болуп калгандай. Эгер булар Канададан айлык албай, Кыргызстандан айлык алганда балким биздин таламды көбүрөөк талашмак. Бирок булар айлыкты тигил жактан алып, өлкө үчүн аракет көрүшкөн эмес. Алардын аракетсиздигинен улам Кумтөрдө нараазычылыктардын аягы басылбай жатат. Буга байланыштуу бир топ маселени көтөрүп чыкса болмок да. Бирок булар өз кызыкчылыгын гана ойлогон адамдар экен. Эми булардын ишине Жогорку Кеңеште баа беребиз.

Анткен менен “Центерранын” директорлор кеңешинин кыргызстандык мүчөлөрү депутаттардын дооматтарын четке кагышууда. Маселен, Ниязбек Алдашевдин айтымында, алардын аракетинин аркасында Кумтөрдө бир катар иштер жасалган:

- Бул жакта биздин айлыгыбыз жөнүндө айтып жатасыңар. Бирок бир катар иштерди жасадык. Маселен, чоң-чоң социалдык долбоорлорду жүргүзүп, 21 миллион чакан кредиттөөгө бөлдүрдүк. Бул жөн эле түшүп калган жок. Былтыр 10 миллион доллларга мектептерде ремонт жасадык. Мындан тышкары Ысык-Көлдө 20 дан ашык айылда долбоорлор жүрүп жатат. Салыктарды алдын-ала төлөтүп, жергиликтүү сатып алууларды көбөйткүлө деп жатабыз.

Муну менен катар кыргызстандык өкүлдөр Торонтодогу жетекчиликтен Кумтөрдөн алтын казууда химикаттардын агын сууларга кошулуп жактанына каршы чара көрүүсүн суранган. Бирок мындан майнап чыккан эмес. Муну депутаттар алардын Кыргызстандын өз позициясын аягына чейин коргой албай, өз иштерине көңүлкош мамиле кылганынан көрүп жатат.

Ошол эле учурда 2010-жылдан соң Кыргызстан “Центерра голддун” ишине аралашып, анын көзөмөлдөөгө көп аракет жумшай баштаганын айткандар да бар. Былтыр кыргыз өкмөтү менен “Центерра голддун” ортосундагы жаңы макулдашуу түзүлгөн. Ага ылайык, компаниянын бир вице-президенти кыргызстандык болоору белгиленип, Турат Усубалиев бул кызматка дайындалган эле.

Муну эсепке алган өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов парламент жыйынында мурда бул өкүлдөр президенттердин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп келсе, эми мамлекет пайдасы үчүн аракет жумшай баштаганын билдирди.

Ал ортодо алтын казуунун айланасындагы көйгөйлөрдү, айлана-чөйрөнүн абалы, өндүрүштүн коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо талаптарынын аткарылышын текшерген депутаттык комиссия бир катар мыйзам бузууларды таап чыкканын жарыя кылып, “Центерра голд” менен келишимди бузууну камтыган токтом даярдады.

Бул токтом 22-июнда парламенттин кезексиз жыйынында каралып, чечим чыгаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG