Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

«Центерра Голддун» директорлор кеңешинин жаңы курамына үч кыргызстандык кирди


"Кумтөр" алтын кени.
"Кумтөр" алтын кени.

Канадалык «Центерра Голд» (Centerra Gold Inc.) компаниясынын директорлор кеңешинин 11 адамдан турган жаңы курамына Кыргызстандын атынан бул жолу Аскар Өскөмбаев, Дүйшөн Касенов жана Максат Көбөнбаев кирди. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында кабарланды.

Кеңештин калган мүчөлөрү Ричард В. Коннор, Стивен А. Ланг, Майкл Парретт, Жак Перрон, Скотт Г. Перри, Шерил К. Пресслер, Брюс В. Вальтер, Сьюзан Юркович. Билдирүүдө айтылгандай, компаниянын акционерлери кеңештин жаңы курамын 1-майда Торонтодо шайлашкан.

Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы курамында Аскар Өскөмбаев, Бектур Сагынов жана Эдуард Кубатов мүчө болчу. Алар 2016-жылы «Кыргызалтын» «Центерра Голддун» жетекчилигинин саясатын сынга алып, «ушул үч талапкерден башка кыргызстандыктар сунушталса, добуш бербей турганын» билдиргенден кийин шайланышкан.

Былтыр "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтүнө эки жылдан бери дивиденддерди төлөбөй келгени белгилүү болгон.

Мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасы канадалык «Центерра Голд» компаниясынын ири акционерлеринин бири, компаниянын 32 пайыз үлүшүнө ээлик кылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG