Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:57

«Империя пиццы» кыргызча ырдоого тыюу салган окуя үчүн кечирим сурады


«Империя пиццы» компаниясынын эн белгиси.

«Империя пиццы» компаниясы кафедеги караокеде кыргызча ырларга тыюу салган окуя үчүн кечирим сурады.

Компаниянын өнүктүрүү директору Мээрим Аманова кафенин администраторунун калпыс катасынын айынан ушундай жагдай жаралганын «Азаттыкка» билдирди.

«Биздин кафелерде кыргызча ырдоого тыюу салынган эмес. Администратордун пикири биздин компаниянын көз карашына туура келбейт. Коногубуз менен болгон кырдаал үчүн кечирим сурайбыз»,- деди Аманова.

21-октябрда Интернетке видео тараган. Анда кафеде отурган жигит караокеде аткаруу үчүн кыргызча ыр суранган. «Империя пиццы» администратору кыргызча ырдоо мүмкүн эмес экенин, бул компаниянын чечими экенин айткан. Коноктун «Бул үчүн компанияны сотко берсем болот»,- деген сөзүнө: «Маселе жок», - деп жооп берген. Окуя Бишкектин Аламүдүн-1 районундагы кафеде болгон.

«Империя пиццы» 2007-жылы Москвада негизделген. Кыргызстанда франшиза компаниясы түптөлүп, 15тен ашуун коомдук тамактануучу жайы бар. Андан тышкары, буюртма аркылуу пицца, суши жеткирүү кызматын көрсөтөт. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG