Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Камчыбек Көлбаев кармалганы тууралуу маалымат тарады


Камчыбек Көлбаев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Көлбаев. Архивдик сүрөт.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилгени кабарланды. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө аны 22-октябрда Бишкектеги спортклубдардын биринен кармашканы тууралуу сүрөттөр жарыяланды. УКМК бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек.

Көлбаев ишкерлерди кысымга алганы аныкталса жазага тартыларын 16-октябрда УКМКга төрага болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев билдирген.

Ал «Камчыбек Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла» деп айткан.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

46 жаштагы Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда социалдык түйүндөрдө «Көлбаев Бишкекте бир нече машиненин коштоосунда жүрөт, мамлекеттик резиденция тарапка өтүүгө аракет кылды» деген сүрөт жана видеолор жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG