Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Маркум Элмирбек Иманалиевдин эки китеби чыкты


Элмирбек Иманалиевдин китептери.

Төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» аттуу ырлар жыйнагы жана «Ак таңдагы ак бата» аттуу баталар топтому китеп болуп чыкты.

Анын алгачкы ырлар жыйнагы жубайы Нурзат Абдрашитованын демилгеси менен жарыкка чыкканын китептин редактору Мирлан Самыйкожо маалымдады.

«Китепке акындын мурдагы ырларынын тышкары, башталышы бар, бирок бүтпөй калган чыгармалары да камтылды. Башындагы башталган ой чоң философияны, тереңдикти бергендиктен, өзгөртүүсүз, кошумчасыз бердик. Ал эми «Ак тандагы ак бата» китебине жакындарына жөнөткөн баталарын топтоп чыгардык»,- деди Самыйкожо.

Китептердин мукабасындагы сүрөттөрдү Төлгөбек Койчуманов, ичиндеги сүрөттөрүн Самат Асылкеримов тарткан.

Төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы, Кыргызстандын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайткан. (MSD)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG