23-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Ысык-Көл облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаандан кийин кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 2…7;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 6…8 градус болот.