Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

АКШ Иран айрым америкалык шайлоочуларды коркутканын билдирди


Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Рэтклифф.
Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Рэтклифф.

Иран жана Орусия АКШдагы 3-ноябрда өтүүчү президенттик шайлоонун алдында коомдук пикирге таасир этиш үчүн америкалык шайлоочулар тууралуу маалыматтарды топтогону белгилүү болууда. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Рэтклифф 21-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирди.

«Иран жана Орусия өз-өзүнчө айрым шайлоочулардын каттоосу тууралуу маалыматтарга ээ болушканын ырастадык», - деди Рэтклифф.

Анын айтымында, Иран айрым шайлоочуларды коркутуу, башаламандык жаратуу жана президент Дональд Трамптын кадыр-баркына доо кетирүү максатында жалган маалымат камтылган электрондук каттарды жөнөтүп турган. Демократиялык партиянын шайлоочуларына багытталган мындай каттар Флорида жана Пенсильвания сыяктуу атаандаштык күч алган төрт штатка жөнөтүлгөн. «Proud Boys» аттуу ашкере оңчул топтун атынан келип жаткан түр көрсөтүлгөн ал каттарда «эгер Трампка добуш бербесеңер, силердин артыңардан түшөбүз» деген сыяктуу опуза болгон.

Жон Рэтклифф Орусиядан мындай опуза болбогонун, бирок орус тарап да шайлоочулар тууралуу маалымат топтогону ырас экенин белгиледи.

Басма сөз жыйынында Иран тарап шайлоочулар тууралуу маалыматты кайсы жол менен алганын, хакерлик жол менен же Интернеттеги кылмыштуу түйүндөр аркылуу топтогонун тактаган жок. АКШда шайлоочулар тууралуу айрым маалыматтар ачык базаларда да бар. Азырынча расмий Тегеран менен Москва мындай дооматтарга жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG