Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Ооганстанда мечитке урулган сокку 12 өспүрүмдүн өмүрүн алды


Тахар провинциясында талибдер менен кармашта каза тапкан аскердин табыты. 21-октябрь, 2020-жыл.
Тахар провинциясында талибдер менен кармашта каза тапкан аскердин табыты. 21-октябрь, 2020-жыл.

Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар провинциясында бир мечитке абадан сокку урулуп, андан 12 өспүрүм набыт болду. Дагы бир нече адам жараат алды. Окуя 21-октябрда провинциянын борборунан 15 чакырым алыс Бахарак районунда болгон.

Провинциянын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Мохаммад Азам Афзали билдиргендей, бул чабуулдун алдында талиб жоочулары менен кармашта ондогон ооган коопсуздук кызматкери каза тапкан. Талибдер мечитте жашынып турганы тууралуу маалымат түшкөндөн көп өтпөй аймакка аскердик учак жөнөтүлгөн.

Маалыматты провинциянын губернатору да ырастады. Бирок коопсуздук кызматы азырынча аны расмий тастыктай элек. Мечитке ооган өкмөтүнүн же чет өлкөнүн учагы сокку урганы да белгисиз бойдон.

Айрым булактар соккудан мурда жоочулар мечиттен чыгып кеткенин айтышкан. «Толо» маалымат агенттиги аба соккусу жергиликтүү медресени бутага алганын жазды.

22-октябрда таң эрте Тахар провинциясынын полициясынын жетекчисинин орун басары Раз Мохаммад Доорандиш аймакта талибдер менен кармашта 50дөй коопсуздук кызматкери мерт болгонун билдирген.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы 19 жылдык согушту токтотуш үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы менен Ооганстанда чабуулдар токтой элек.

XS
SM
MD
LG