Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

Америкалык астронавт жана орусиялык космонавттар Жерге кайтып келишти


Роскосмостун космонавттары Сергей Рыжиков, Сергей Куд-Сверчков жана НАСАнын астронавты Кейт Рубинс. Октябрь, 2020-жыл.
Роскосмостун космонавттары Сергей Рыжиков, Сергей Куд-Сверчков жана НАСАнын астронавты Кейт Рубинс. Октябрь, 2020-жыл.

Америкалык астронавт жана эки орусиялык космонавт Эл аралык космос станциясындагы алты айлык миссиясынан кийин Жерге кайтып келди.
НАСАнын астронавты Крис Кэссиди менен Орусиянын мамлекеттик Роскосмос корпорациясынын эки космонавты Анатолий Иванишин жана Иван Вагнер түшкөн «Союз МС-16» капсуласы Казакстанга 22-октябрь күнү конду.

Бул үчөө Эл аралык космос станциясында 196 күн болгон.

Аларды бир жума мурда кайра эле америка-орусиялык үчилтик: НАСАнын астронавты Кейт Рубинс жана Роскосмостун космонавттары Сергей Рыжиков, Сергей Куд-Сверчков алмаштырышты.

XS
SM
MD
LG