Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 08:43

Түрмөдөгү Гүлнара Каримованын абалы начарлаганы кабарланды


Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримова.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы, учурда түрмөдө отурган Гүлнара Каримованын саламаттыгы акыркы күндөрү кескин начарлап кетти. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримова «Инстаграмдагы» баракчасына жазды. Имандын айтымында, апасы абактын санитардык бөлүгүнө пневмония диагнозу менен жаткырылган.

«Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн жок. Коронавируска тест тапшырууга уруксат беришкен жок. Дары-дармек, аппараттарды берип жиберүү да мүмкүн болбой жатат», - деп жазды Иман.

Ал «саясий каршылашынан кутулууга аракет кылып жатат» деп президент Шавкат Мирзиёевди айыптады.

Мындай билдирүүгө Өзбекстандын расмий органдары жооп бере элек.

48 жаштагы Гүлнара Каримова «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыптар менен 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG