Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Садыр Жапаров инвестициялык форумда бюджеттин абалы начар экенин айтты


Садыр Жапаров.

Кыргызстандын мамлекеттик казынасында абал начар. Бул тууралуу 23-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Инвестициялык кеңеште сүйлөп жатып билдирди:

«Бюджеттин тартыштыгы 28 миллиард сом менен кабыл алынган, бирок мага келген маалыматка караганда, реалдуу картина андан да начар. Жакын арада бюджетибиз боюнча реалдуу жана чыныгы маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Ачык айтсам, жагдайыбыз жакшы эмес».

Финансы министрлиги бюджеттин тартыштыгы 34 миллиард сомго чыгарын божомолдоп жатканын буга чейин маалымдаган.

Ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө.

Жыйынга катышкан бизнес-акыйкатчы Роберт Орд-Смит соңку жети ай кыргызстандык ишкерлер үчүн өтө оор болуп жатканын белгилеген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары мамлекеттик бийликтин толук алмашуусу менен аяктаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG