Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Түркияда коронавирус жуктуруп алгандар көбөйдү


Стамбул шаарында тартылган сүрөт.
Стамбул шаарында тартылган сүрөт.

Түркияда коронавирус жуктуруп алгандар көбөйгөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 23-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Ал Стамбул, Анкара жана Бурса сыяктуу ири шаарларда коронавирус жуктуруп алган кишилердин саны күндөн күнгө өсүп жатканын айтты.

Түркияда илдетти жуктуруп алгандардын 40 пайызы Стамбул шаарында катталган.

Орто мектептердин башталгыч жана бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына мектепке барып билим алуусуна уруксат берилген.

Сентябрь айынын башынан бери өлкөдө коронавирус менен ооругандар кескин көбөйгөн. Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 22-октябрда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 9584 кишиге жеткен. Вирусту жугузуп алгандар 355 миңден ашып, алардын 310 миңге жакыны сакайды.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы үч миңден ашуун кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан. Түркия Кыргызстан менен 7-августта аба каттамдарын ачкан. Бул өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык окуп, иштер жүргөнү расмий катталган. (ElB)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG