Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду "Россия будущего" партиясын каттоого алуу өтүнүчүн Орусиянын Юстиция министрлиги кабыл албаганы үчүн Европанын адам укуктары сотуна кайрылды. Бул тууралуу фонддун юристтери "Telegram" каналына жазды.
Маалыматта айтылгандай, Навальный партияны каттоого алууну сурап тогуз жолу Юстиция министрлигине кайрылып, бирок оң жооп алган эмес.
2019-жылдын май айында акыркы ирет кайрылганда министрлик ушул аталыштагы башка партия бар экенин билдирген. 2020-жылдын сентябрында бул партия шайлоолордо катышпаганы үчүн Жогорку сот анын ишмердигин токтоткон.
Августта Томскиден Москвага кайтып баратканда ууланган оппозиционер Алексей Навальный азырынча Германияда дарыланууда.
Владимир Путиндин режиминин сынчысы катары таанылган Навальный саламаттыгы калыбына келгенден соң Орусияга кайтып, саясий ишмердигин улантарын билдирген.