Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Наталья Никитенко баш прокурорго жана ички иштер министрине чукул кайрылуу жолдоду


Наталья Никитенко
Наталья Никитенко

Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко баш прокурор Курманкул Зулушевге жана ички иштер министри Улан Ниязбековго чукул кайрылуу жолдоду.

Ал кайрылууда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) күч органдары тарабынан басым көрсөтүүнү тезинен токтотууга чакырып, бардык маселени Конституциядан жана мыйзамдан аша чаппай чечүүгө үндөдү.

24-октябрда БШК имаратына күч кызматкерлери документтерди алганы келип, тинтүү жүргүзгөн. Алар Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү экенин БШКнын басма сөз кызматы билдирген.

Милиция жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жарыяланган күндөн - 3-июлдан берки документтерди текшерүүдө.

Ички иштер министрлиги БШК менен болгон окуя мыйзам нугунда жүргүзүлүп жатканын, шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө болгон эреже бузуулар катталып, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, документтерди териштирүүгө уруксат сурап, тергөөчүлөр Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Сот 22-октябрда ага уруксат берген токтом чыгарган.

21-октябрда ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. Милиция бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандыкка байланыштуу экенин айткан. Бул окуя жарандык коомдун, айрым саясатчылардын сынына кабылган.

Омбудсмен Токон Мамытов жана бир канча коомдук уюмдар милициянын аракетин сындап чыгышкан. Алар БШК - ишмердиги мыйзамдар менен даана көрсөтүлгөн конституциялык орган экенин кошумчалап, БШКнын ишине кийлигишкендер Жазык кодексинин негизинде жоопко тартыларын эскертишкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мыйзамсыздык тууралуу айтылган соң ИИМ БШК мүчөлөрүнө «кысымын токтотконун» «Фейсбукка» жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG