Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

БШК мүчөлөрү аларга кысым болуп жатканын айтышты


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү 24-октябрдагы тинтүүнү "милиция тарабынан кысым көрсөтүү" катары баалашты. Бул тууралуу алар "Азаттык" радиосуна берген комментарийде айтышты.

24-октябрда БШК имаратына күч кызматкерлери документтерди алганы келип, тинтүү кылышкан.

Алар Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү экени БШКнын "Телеграмдагы" каналында кабарланды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Милиция жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жарыяланган күндөн - 3-июлдан берки документтерди текшерүүдө.

Ички иштер министрлиги БШК менен болгон окуя мыйзам нугунда жүргүзүлүп жатканын, шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө болгон эреже бузуулар катталып, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, документтерди териштирүүгө уруксат сурап, тергөөчүлөр Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот 22-октябрда ага уруксат берген токтом чыгарган.

21-октябрда ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. Милиция бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандыкка байланыштуу экенин айткан. Бул окуя жарандык коомдун, айрым саясатчылардын сынына кабылган.

Омбудсмен Токон Мамытов жана бир канча коомдук уюмдар милициянын аракетин сындап чыгышкан. Алар БШК - ишмердиги мыйзамдар менен даана көрсөтүлгөн конституциялык орган экенин кошумчалап, БШКнын ишине кийлигишкендер Жазык кодексинин негизинде жоопко тартыларын эскертишкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мыйзамсыздык тууралуу айтылган соң ИИМ БШК мүчөлөрүнө «кысымын токтотконун» «Фейсбукка» жазган. (SE\AiA)

XS
SM
MD
LG