Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 18:26

БШК президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт деп чечим кабыл алды


Кыргызстандын желеги.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-октябрдагы жыйынында ушундай чечим кабыл алынды.

“Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекет башчы отставкага кеткенде үч айдан кечиктирилбей мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүшү керек. Жээнбеков президенттиктен кетерин 15-октябрда жарыялады. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечимин парламент бир апта аралыгында кабыл алууга тийиш эле. Жогорку Кеңештин чечим кабыл алчу мөөнөт 22-октябрда аяктады. Парламент чечим кабыл албады. Мындай учурда 23-октябрда автоматтык түрдө дайындалган болуп калат. Андыктан, мыйзам боюнча шайлоонун мөөнөтүн аныктоо эми БШКнын моюнунда”, - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимди 21-октябрда кабыл алган.

22-октябрда парламент Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамды үч окууда кабыл алып, ага ошол эле күнү президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык «Конституциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 10-январына чейин аякташы керек» экендиги белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун «конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү» сунушталган.

Мындай өзгөрүүлөрдү коомдук-саясий чөйрөнүн бир бөлүгү Конституцияны одоно бузуу катары кескин сынга алып жатат.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Дээрлик он күнгө созулган митингдерден соң, Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен. 6-октябда тарапташтары абактан бошотуп алган мурдагыдепутат Садыр Жапаров 14-октябрь күнү өкмөт башчы, 15-октябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу болуп ишин баштаган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG