Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 48 партия билдирди


Жогорку Кеңештин кайра шайлоосуна катышуу ниетин 48 партия билдирди. Бул тууралуу 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

БШК 21-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү чечимин кабыл алган.

22-октябрда парламентте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ага ошол эле күнү кол койгон.

Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, конституциялык реформадан кийин өткөрүлүшү керек.

БШК кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган өз чечимдерин мыйзамдуу деп санап келген. 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын токтомун мыйзамсыз деп тапты.

Ал арада парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны улам көбөйүп жатат. Алардын 25-октябрга карата тизмеси төмөнкүчө:

  1. "Кыргызстан жашылдар партиясы";
  2. "Бүтүн Кыргызстан";
  3. "Билим илим ордосу";
  4. "Мекен ннтымагы";
  5. "Ата Мекен";
  6. "Ыйман нуру";
  7. Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы;
  8. "Эл биримдиги";
  9. "Улут ордо";
  10. "Элдик кеңеш";
  11. "Эл үнү";
  12. "Патриот";
  13. "Актив";
  14. Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы;
  15. "Адилеттүү Кыргызстан";
  16. "Социал-демократтар";
  17. "Өнүгүү Кыргызстан";
  18. "Ордо";
  19. "Республика";
  20. "Ак шумкар";
  21. "Реформа";
  22. "Улутман";
  23. "Нур" ЛДП;
  24. "Улуу журт";
  25. Бүткүл жаштар саясий партиясы;
  26. "Бирге-Вместе";
  27. "Бийлик элге";
  28. "Эл эрки";
  29. "Ак-Санат";
  30. Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы;
  31. "Ынтымак";
  32. "Ак-Шам" Мекендин жана жаратмандык саясий партиясы Родина";
  33. "Бир Бол";
  34. "Кыргызстан";
  35. "Тартип-Порядок";
  36. "Эркин эл";
  37. "Жаңы мезгил";
  38. “Замандаш”;
  39. “Кыргыз улут ордосу”;
  40. “Жаңы доор”;
  41. “Улуу Кыргызстан”;
  42. “Чоң казат”;
  43. “Келечек-Будущее”;
  44. “Эркин Кыргызстан”
  45. “Азаттык” демократиялык партиясы;
  46. “Эгемен Кыргызстан”;
  47. Кыргызстан элдик патриоттук партиясы;
  48. “Элдик көзөмөл”.

​4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык күчөп, аягы бийлик алмашуу менен бүткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG