Өлкөдө бойдон алдырууга дээрлик тыюу салган чечимге каршы нааразылык акциялары бир нече күндөн бери уланып жатат.
Жекшембиде ар кайсы шаарларда адамдар католик храмдардын жанына чогулуп, нааразылыгын билдиришти. Познанда ондогон адамдар чокунуу маалында храмдын жанына чогулуп, «Католик аялдардын да абортко укугу бар» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.
Лодзиде храмдын жанындагы митингге эки миңдей киши катышты. Айрым шаарларда Конституциялык соттун чечимине каршы сөздөрдү храмдардын дубалдарына жазып кетишти. Варшавада бойдон алдырууга каршы адамдар менен аны жактагандар кагылышканы кабарланды. Демонстранттар сот чечиминин артында башкаруучу оңчул консервативдүү партиянын католик чиркөөсүнүн кызыкчылыгына кызмат кылуу аракети турат деп эсептешет. Ал эми «Укук жана адилеттик» партиясы муну четке кагууда. Ошол эле учурда партиянын айрым депутаттары Конституциялык сотко кайрылышты.
Конституциялык сот өткөн аптада түйүлдүктө тубаса жетишсиздик аныкталса, аны алдырууга уруксат берген эрежени жокко чыгарган. Чечимге 13 судьянын 11и макул добуш берген. Бул өлкөдө абортко дээрлик тыюу салуу катары кабыл алынды.
Соттун токтомунда түйүлдүктүн жетишсиздиги үчүн бойдон алдыруу али туула элек баланын укугун бузуу болору жазылган.
Конституциялык соттун чечимине чейин эле Польшада жалпы Европадагы өлкөлөр арасында аборт боюнча эң катаал мыйзамдар иштеп келген. 1993-жылдан бери Польшада бойдон алдырууга үч гана себеп менен уруксат берилчү: эненин ден соолугуна коркунуч туулса, зордукталган болсо жана түйүлдүктүн жетишсиздигинен. Ушундан улам польшалык кыз-келиндер боюнан алдырвш үчүн башка мамлекеттерге чыгып келишкенин эксперттер белгилешет.
Укук коргоочулардын белгилөөсү боюнча, жыл сайын 80 миңден 120 миңге чейинки польшалык аялдар чет мамлекеттерде бойдон алдырышат.