Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

Украинадагы жергиликтүү шайлоодо Зеленскийдин партиясы утулганы кабарланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы жергиликтүү шайлоодо өлкөнүн ири шаарларында утулуп жатат. Бул тууралуу добуш берүү күнү жүргүзүлгөн бир нече экзит-поллдордун жыйынтыгында белгилүү болду. Ага ылайык, Украинадагы тогуз ири шаардын жетисинде «Эл кызматчысынын» талапкерлери утулду.

Өлкөнүн борбору Киевде «Украинадагы реформалар үчүн демократиялык альянстын» (УДАР) лидери Виталий Кличко алдыга чыкты. Харьковдо болсо учурдагы мэр Геннадий Кернес шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун алганы кабарланууда.

Украинада 25-октябрда жергиликтүү шайлоо өттү. Бул добуш берүү өлкөдө кабыл алынган жаңы Шайлоо кодексине ылайык өткөн алгачкы шайлоо болуп калды. Анда жергиликтүү бийлик органдарына кошумча укук берилет.

Украинада шайлоо күнү президент Владимир Зеленскийдин демилгеси менен жалпы улуттук деп аталган сурамжылоо өттү. Анда бийликтеги «Эл кызматчысы» партиясынын ыктыярчылары өлкөдөгү маанилүү деп эсептелген беш маселе боюнча шайлоочулардын пикирин сурашты. Анда коррупцияга байланыштуу айыпталгандарды өмүр бою эркинен ажыратуу, Украинанын аймактык бүтүндүгүн сакташ үчүн Будапешт меморандумун колдонуу, Донбасстын аймагында эркин экономикалык зоналарды түзүү боюнча суроолор бар. Бул сурамжылоонун жыйынтыгында украиналыктардын көпчүлүгү коррупцияга айыпталгандарды өмүр бою соттоп, кара куурайды медициналык максатта колдонууга уруксат берүүгө макулдугун берген.

Бул сурамжылоолорду өлкө оппозициясы сындап чыккан. Бийликчил партия сурамжылоонун жыйынтыгынын укуктук күчү жок экенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG