Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

НАСА: Айда суу болушу мүмкүн

«Ай музейи» инсталляциясы. Буурул түндөргө арналган фестивал. Рига, Латвия. 5-сентябрь, 2010-жыл.
«Ай музейи» инсталляциясы. Буурул түндөргө арналган фестивал. Рига, Латвия. 5-сентябрь, 2010-жыл.

Айдын бетиндеги кара чөйчөкчөлөрдөн суу табылды. Бул тууралуу Инфракызыл астрономиянын герман-америкалык стратосфералык обсерваториясы - SOFIA (Stratospheric Observatory for Infrared Astronomy) маалымдады. Бул ачылыш жөнүндө макала «Nature Astronomy» журналына жарыяланды.

«Биз Айдын жарык тарабында суу бар экендигин аныктадык. Эми биз Айда суу бар экенин билебиз», - деп жарыялады НАСАнын астрофизика бөлүмүн башчысы Пол Херц. Анын сөзүнө караганда, бул ачылыштан соң, Айдагы ресурстарды космосту иликтөөгө жумшоо маселесин карап көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG