Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Финпол: Салык кызматынын жана Соцфонддун өкүлдөрү түзгөн коррупциялык схема аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мамлекеттик бюджетке тогуз миллиард сомдук зыян келтирген коррупциялык схема аныкталганын кабарлады. Мекеменин 27-октябрдагы маалыматына караганда, бул схемага Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү аралашкан деп шек саналууда.

Финполициянын басма сөз кызматы билдиргендей, алар жогорку бийлик укуктарына ээ болуп туруп мыйзамсыз жана туруктуу байланыш түзүп, коомчулук менен мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч жараткан кен казуучу компаниялардын бирине артыкчылык шартын түзүп беришкен. Натыйжада ал компаниядан мамлекеттин бюджетине кошумча салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрү түшпөй калган.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Коррупция боюнча айыптоого байланыштуу комментарий сурап «Азаттык» радиосу Мамлекеттик салык кызматына жана Социалдык фондго кайрылды. Бул мекемелердин басма сөз кызматтары азырынча комментарий бере элек.

Быйыл 28-сентябрда Кыргызстанда 2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилген. Буга чейинки стратегия 2012-жылы кабыл алынган болчу. «Трансперенси Интернешнл» эл аралык уюмунун Кыргызстан боюнча изилдөөсүндө «2019-жылы саясат, акча жана коррупция үчөөнүн ортосунда байланыш болгон» деп жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG