Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Кыргызстанда кинотеатрлардын ишин жандандыруу сунушталды


Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатры. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатры. Архивдик сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн аппаратына өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранып кат жазды. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Министрлик кинотеатрлардын иши 2020-жылдын 17-мартынан ушул күнгө чейин токтотулганын эске салып, болжол менен сегиз айдан бери кинотеатрлар ири финансылык жоготууга учураганын маалымдайт.

«Кинотеатрлар имараттарды кармап туруу, коопсуздук, коммуналдык кызматтар үчүн, насыялар, карантиндик мезгилде жарым-жартылай эмгек акы төлөш үчүн ири суммада акча төлөп жатышат. Узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын иши эң татаал бойдон калууда. Ушул жылдын апрель айынан бери аталган кинотеатрлардын 1000ге жакын кызматкерлерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынгандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнө элек, бул алардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалына таасир берип жатат», деп айтылат министрликтин маалыматында.

Билдирүүдө ошондой эле мындай жагдай кино тейлөө чөйрөсүндө квалификациялуу кадрлардын жоголушуна алып келери белгиленет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алыш үчүн киноетарлардагы санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккан.

Министрлик кабарлагандай, 2019-жылы республиканын кинотеатрлары бюджетке 100,0 млн. сом төккөн.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2019-жылы Кыргызстанда 46 кинотеатр болгон. Анын 11и Бишкек шаарында жайгашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG