Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

28-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек.
Бишкек.

28-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаандан кийин кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 3…8;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаабайт, эртең менен жана күндүз маал-маалы менен жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 6…8 градус болот.

XS
SM
MD
LG