Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

ИИМ: Тогуз айда беш миңдей көчө балдары аныкталды


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын тогуз айында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери кароосуз, багуусуз калган балдарды аныктоо, жашы жете электердин арасында мыйзам бузуу аракеттерине бөгөт коюу максатында 736 рейд өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

«Өспүрүм», «Кароосуз», «Камкордук», «Кайрадан мектепке», «Антирэкет», «Лидер» аттуу рейддердин алкагында 3328 жашы жете элек бала аныкталды. Алардын ичинен көчөдө дайыма жашап жүргөн 423 бала, кайырчылык кылган 139 бала, спирт ичимдигин ичкен 11 бала такталган.

Рейддердин жүрүшүндө жалпы 5012 өспүрүм ар кандай бөлүмдөргө, анын ичинен ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузуунун алдын алуу боюнча борборуна, социалдык кызматтарга жана башка калкалоочу жайларга 403 бала жеткирилген.

Аныкталган фактылар боюнча тиешелүү маалыматтар социалдык коргоо жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

Отчёттук аралыкта социалдык коргоо башкармалыгына жашы жете электер менен ата-энелерине карата 2751 материал жөнөтүлүп, 2067 материал каралды. 95 өспүрүм балдар үйүнө жөнөтүлсө, 75 бала социалдык мекемелерге өткөрүлүп берилди. 1603 балага тарбиялоо мүнөзүндөгү ар кандай чара көрүлгөн. Ата-энелик укугунан ажыратуу жөнүндө 26 материал сотко жөнөтүлүп, анын жети фактысы боюнча сот чечими чыкты.

Рейддерден сырткары ИИМдин тиешелүү бөлүмү тематикалык тегерек столдорду, спорттук иш-чараларды, семинарларды жана конференцияларды өткөргөн.

Башаламандык менен уланган 5-октябрдагы нааразылык акциясынан кийинки бийлик алмашууда ички иштер министри болуп 11-октябрда Улан Ниязбеков дайындалган. Мурдагы министр Кашкар Жунушалиевдин кайда экендиги тууралуу расмий маалымат таратыла элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG