Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Сирияда орус авиациясы урган соккудан 50дөй согушкер каза болгону кабарланды


Идлиб.
Идлиб.

Сириянын түндүк-чыгышындагы согушкерлердин лагерине абадан урулган соккудан кеминде 50 киши каза болуп, ондогон адамдар жараат алды. Сириянын оппозициячыл күчтөрүнүн өкүлү Юсуф Хаммуд Идлиб провинциясында урулган бул сокку үчүн Орусияны айыптады. Түркия колдогон «Файлак аш-Шам» тобунун машыгуу лагерине орусиялык учактар сокку урганы кабарланды.

Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктары боюнча обсерватория чабуулдан 78 адам каза болуп, 90дон ашыгы жараат алышы мүмкүн экенин кабарлады.

Чабуулга туш болгон лагерь Түркиянын чек арасынан алыс эмес жерде жайгашкан. Анда машыгуудан өткөн согушкерлердин бир бөлүгү жакын арада кетүүнү пландап жатканы айтылды.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү 2019-жылдын башынан бери Орусиянын колдоосу менен Идлиб провинциясында ири операцияны ишке ашырууда. Расмий Дамаск бул аркылуу Сириянын куралдуу оппозициясы ээлеп турган аймактарды бошотууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG