Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

АКШда Жогорку соттун жаңы судьясы кызматка киришти


Эми Коней Баррет.
Эми Коней Баррет.

Дүйшөмбүнүн кечинде судья Эми Коней Баррет АКШнын Жогорку сотунун жаңы мүчөсү катары конституциялык ант берди. Азем Ак үйдө Сенаттагы добуш берүүдөн кийин дароо өттү. Президент Дональд Трамп бул күндү Кошмо Штаттар, өлкө Конституциясы жана мыйзам үстөмдүгү үчүн «маанилүү күн» деп атады. Барреттин талапкерлигин 52 сенатор колдоду, 48и каршы добуш берди. Демократ сенаторлордун бардыгы жана республикачыл бир сенатор каршы болушту.

Президенттик шайлоого бир нече жума калганда Барреттин талапкерлигин көргөзүү демократтарды нааразы кылган. Алар Жогорку соттун жаңы судьясын кийинки президент көргөзүүгө тийиш экенин айтып келишти. Республикачылар сынды четке кагып, мыйзам чегинде иш алып барганын билдиришкен.

Эми тогуз судьянын алтоо консервативдүү көз караштары кармангандар болуп калды. Барреттин дайындалышына каршы чыккандар бул көрүнүш бир катар маанилүү чечимдерге таасир этиши ыктымал деп эсептешет.

Сот 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланышкан доо арыздарды да карап калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG