Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын директору иштен алынды


Дүйшөн Ирсалиев, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси.
Дүйшөн Ирсалиев, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Дүйшөн Ирсалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн аппараты кабарлады.

Дүйшөн Ирсалиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагын 2016-жылдан бери башкарып келаткан. Ага чейин 1996-жылдан 2008-жылга чейин Эмил Ибраимов, 2008-жылдан 2010-жылга чейин Азим Исабеков жетектеген. 2010-жылдан 2011-жылга чейин кийин Бишкекке мэр болгон, кийин камакка алынып, андан чыккандан кийин издөө жарыяланган Албек Ибраимов башкарган. Андан кийин бул кызматты кыска мөөнөт Мирбек Асанакунов, Бактыбек Кунаев, 2012-жылдан 2015-жылга чейин Орозбек Нусувалиев башкарган.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы алгач «Манас» эл аралык аэропортунун жакасындагы Ак-Чий аянтындагы жерди ээлеп турат. Анын аянты 203,09 гектарды түзгөн. Кийин ага баш калаанын жогорку тарабынан («ВДНХ») 43 гектар, Кара-Балта шаарынан 100 гектар кошулган. Ошентип аймактын жалпы аянты 346,09 гектарды түзүп калган. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG