Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 23:17

Эркин экономикалык аймактан инвестор качты


Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагынан кабар алган учуру. Архивден алынган сүрөт.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы уюшулган 20 жылдан ашуун убакыттан бери андагы ишканалар төрт эсе азайды.

Алгач ал жерде миңден ашуун компания катталса, азыр алардын саны 300гө түштү. Анын жарымы гана чындап иштеп жатса, алар да чет өлкөгө чыгып кетүүнү көздөп турушат. Буга аталган аймактагы ишканаларга берилген жеңилдиктердин жоюлушу себеп болду. Эксперттер бул ыргак менен кетсе, эркин экономикалык аймак өзү да жоюлуп кетиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Жеңилдиктердин доору бүттү

Баяныбыздын башында дароо эле эскертип коёлу, «Бишкек» эркин экономикалык аймагында иштеген инвесторлордун көбү интервью берүүдөн чочулашты. Жергиликтүүсү да, чет элдиги да микрофондон сырт ыйлап-сыктап арманын айтканы менен ачык даттанууга анча батынган жок. Муну алардын көбү аталган аймактын дирекциясынын кысымына кабылып калуу коркунучу менен түшүндүрдү.

Ошентип, түркиялык ишкер Парвиз Хазарды өз маселесин кыскача айтып берүүгө араң көндүрдүк.

Биздин каарман «Бишкек» эркин экономикалык аймагы уюшулуп, иштей баштаганда анда алгачкылардан болуп компания ачкандардын бири экен. Ишканасы «Пласформ» деп аталат. Мында ал желим идиштерди жарым-жартылай (преформа) жасап, «Coca-Cola» жана «Pepsi» сыяктуу ири бренддерге сатуу менен алектенет. Чет элдик инвестор бул ортодо бизнестин жүрүшүндө чыккан маселесин эптеп чечип келгени менен, соңку жарым жылдан бери туңгуюкка кептелиптир.

Кептин төркүнүн Парвиз Хазар минтип баштады:

Парвиз Хазар.
Парвиз Хазар.

«Биз компаниябызды 1998-жылы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын ичинде ачканбыз. Ушул эле аймак жөнүндө Кыргызстандын мыйзамына ылайык, эркин экономикалык аймактын субъекти катары биздин компаниянын ишмердүүлүк мөөнөтү бүткөнчө салыктан бошотулган. Башкача айтканда мыйзамда «фирма жабылып калгыча жеңилдик алат» деп убада берилген. Кийин, 2008-жылы биздин жеңилдиктерди жоюп салышты. Нааразылыктан улам 2009-жылы жеңилдиктердин мөөнөтүн дагы он жылга узартып беришти. Натыйжада, 2018-жылдын аягында бул мөөнөт бүттү жана биз эч кандай жеңилдиксиз калдык. 2019-жылдын январь айынан баштап жергиликтүү рынокко товар сатсак 12% кошумча нарк салыгы мойнубузга илинип калды. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин казакстандык, орусиялык фирмалар менен атаандашуу кыйын болуп жаткан чакта, бизге эми андан да кыйын болуп жатат».

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагы.

Жеңилдик дегенде деле эркин экономикалык аймактагы фирмалар кирешеден түшкөн салыктарды, Соцфонд жана башка жыйымдарды милдеттүү түрдө эле бюджетке төгүп келишкен. Ушул эле «Пласформ» Кыргызстанга 2017-жылы 500 миң доллардай, 2018-жылы 700 миң доллардай каражат төккөн. Учурда ишканада 80 кыргызстандык иштейт. Бирок эми соңку жагдайлардан улам бул ишкана да, башкалары да жабылуу коркунучуна кабылды.

«Мен билгенден эле, январь айынан бери «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын эки субъекти ал жактан чыгып кетти. Дагы экөө жабылып калды. Алар «Орусияда же Казакстанда ачат окшойбуз» деп жатышат. Анткени эркин экономикалык аймакта тургандын пайдасы жок болуп калды. Биз да шаардын эле аймагына чыгып кетсекпи деп ойлодук, бирок бул биз үчүн абдан чоң чыгаша экен. 20 жылда биз кеминде 20 миллион доллар инвестиция салганбыз. Ал жерде 5 миң чарчы метрлик жабык имаратыбыз бар, жабдуубузду, линияларыбызды чыгаруу кыйын. Азыр жергиликтүү рынокко сатканыбыз 75% азайды. Албетте, жеңилдиктерди кайра берүү маселеси чечилип калабы деген үмүт менен турабыз. Бирок чынын айтсак, биз «Бишкек» эркин экономикалык аймагында келечегибизди көрө албай калдык», -дейт «Пласформ» фирмасынын башкы директору Парвиз Хазар.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы башка фирмалар да 2019-жылдын башында кирген 12% кошумча нарк салыгы алардын кирешелерин азайтып жатканын билдиришүүдө.

«Виндоорс» компаниясынын кызматкерлери.
«Виндоорс» компаниясынын кызматкерлери.

Бул аймакта жайгашкан, терезе чыгаруу менен алектенген «Виндоорс» фирмасынын директору Эркин Жумабаевдин оюн уктук.

Эркин Жумабаев.
Эркин Жумабаев.

«Кошумча нарк салыгы кирген менен бул кайра чоң жоготууларга алып келет. Биз аны 2009-жылы тогуз ай төлөгөнүбүздө өндүрүш 40 миллион долларга кемиген, салык көбөйбөй эле 18 миллион сомго азайган. Быйыл жылдын башынан беркини так эсептеп көрүш керек, бирок менин байкашымча өндүрүштүн көлөмү 50% азайды. Биз кошумча нарк салыгын киргизгенден уттукпу же болбосо өндүрүш чыгаргандан уттукпу? Башкача айтканда биз көбүрөөк каймак алабыз деп жатып, сүттү азайтып жибердик. Сүт азайып кетсе, каймак да азая турганын түшүнбөй жатабыз», - деди ал.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, акыркы жылдары анын субъектилери мамлекетке төккөн каражаттар ансыз да азайып баратат. Маселен бажы, салык жана Социалдык фондго төлөнгөн каражаттардын баарын бириктиргенде андагы компаниялар бюджетке 2014-жылы 824 миллион сом төксө, 2018-жылы 690 миллион сом беришкен. Мунун ичинен өзгөчө салыктар кескин азайган.

«Виндоорс» компаниясынын кампасы.
«Виндоорс» компаниясынын кампасы.

Кыргызстандын өкмөтү болсо кеп болуп жаткан чөлкөмдөгү компанияларга киргизилген кошумча нарк салыгы алардын укуктарын сырттагы өндүрүүчүлөр менен теңдейт деп эсептейт. Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров мунун жөнүн мындайча түшүндүрдү:

Дастан Кадыров.
Дастан Кадыров.

«Эркин экономикалык аймак деген өзү дүйнөдө экспорт үчүн түзүлөт. Кыргызстанда да ошондой максат менен уюшулган. Азыр бул аймактагы компаниялар чет өлкөгө товар экспорттогусу келсе, кирешеден түшкөн салыктан башка бир да салык төлөшпөйт. Ал салык да компаниядан эмес, ага иштеп жаткан жумушчулардын маянасынан алынат. Компаниялар болгону аймактын башкы дирекциясына гана 2% акы төлөшөт. Алар болсо «Кыргызстандын ичине киргизебиз» деп жатышат. Албетте, экспорт үчүн төлөнбөйт, бирок өлкөнүн ичине киргизгиси келсе салык төлөшү керек. Анткени Кыргызстандын ичинде катталган ишканага «12% кошумча нарк салыгын төлө» деп, анан 200 метр ары жакка кирип кеткен компанияны «сен төлөбө» дегенибиз калыстык болбой калат. Ошон үчүн калыс болсун деп, мыйзамдын алдында теңегенбиз».

Кадыров ошондой эле «Бишкек» эркин экономикалык аймагында 2000-жылдан кийин катталган фирмаларга кошумча нарк салыгынан ансыз деле жеңилдик болбогонун кошумчалады. Анын айтымында, ошол кезге чейин катталган 67 гана фирма учурда иштеп жатат.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы фирмалар.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы фирмалар.

«Чынжырга байланган дөбөт»

Фирмалардын саны демекчи, кеп болуп жаткан аймактагы юридикалык жактардын эсебин эки ыкма менен кароого болот. Бири - катталгандары, экинчиси - чындап иштегендери.

Маселен, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы өзүнүн сайтында 2018-жылы анда 298 ишкана катталганын келтирген. Ал эми Улуттук статистика комитети бул аймакта былтыр болгону 197 гана компания иш жүргүзгөнүн билдирүүдө. Кезинде бул жерде катталган ишканалардын саны миңден ашса, чындап иштегендери 300дөн 500гө чейин жетчү экен.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Ахунбай Кошоев андагы ишканалардын жагдайын түшүндүрдү:

Ахунбай Кошоев.
Ахунбай Кошоев.

«Кыргызстанда экономикалык абал начар болуп турган кезде, фискалдык, бажы, салык органдары ишкерлерди кыйнап, акча алып турган чакта кыргыз экономикасында локомотив катары эркин экономикалык аймак түзүшкөн. 1992-жылдары биринчи мыйзамдар иштелип чыгып, 1996-1997-жылдарда иш башталды. Ал жерде түзүлгөн жеңилдиктерди көрүп, 20дай өлкөдөн инвесторлор келишти. «Өндүрүшүңөрдүн 2% гана берип турасыңар» дешти. Ошентип дароо эле 1200 компания катталды. Чү дегенде эле ошонун 500-600ү ишмердүүлүгүн баштады. Аларда жалпы 6 миңдей тикелей, кирди-чыкты иштегендерди кошкондо он миңдей адам иштеп жатты. Азыр болсо 150-170тей гана компания чындап иштеп жатса, тикелей 1,5-2 миңдей эле жумушчу калды. Сатуучу, кызматчыларды, тиги-буларды кошкондо 3-4 миңге чукулдашы мүмкүн. Ал эми калган катталып турган фирмалар «эртең жакшы болуп кетсе, иштеп кетебизби» деп илешип тургандар».

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы заводдордун бири.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы заводдордун бири.

Келтирилген сандар айтып тургандай, 20 жылдан ашуун убакытта аймакта катталган фирмалар төрт эсе кемисе, иштеп жаткандары тең жарымына азайганы көрүнүп турат.

«Инвесторлор эркин экономикалык аймактын Ак-Чийдеги аянтында, эч нерсе жок, саздак талаага өздөрүнүн каражаты менен имараттарды тургузушту. Кеминде 10, болбосо 20-30 миллион доллар каражат салгандар болду. Акаевдин бийлиги «силер «Бишкек эркин экономикалык аймагы жөнүндө» мыйзам менен иштей бересиңер» деди. Бирок өкмөт алмашкан сайын кайра карай берип, мыйзамга 12-13 жолу өзгөртүү киргизишти. Мунун баарына чөлкөмдүн шартын катаалдаткан, жеңилдиктерди жойгон нерселер кирди. Бакиевдин, Атамбаевдин тушунда бюджетке кантип акча чогултушту билбей эле, «ой, силерде шарт жеңил турбайбы» деп эле кошуп жатты. Анда бул эркин экономикалык аймакты эмнеге түзүштү эле? Мамлекет анда эмне үчүн чет элдик инвесторлорду алып кирип алып, анан кийин аларды кыйнап жатат? Инвесторлор өздөрү муну «биз ыргытылган сөөккө алданып, уяга кирип, чынжырга байланып калган иттей, кепеге камалып калган дөбөттөй эле болуп калдык» деп жатышат. Анткени кетейин десе, ал жерде ишканалары, кампалары бар, кетпейин десе, башында макулдашкан шарт жоюлуп, иши жүрүшпөй калды», - деди Ахунбай Кошоев.

Эксперттер да бул аймактагы көйгөйлөргө баш оорутуп, аны чечүүнүн жолдорун сунуш кылып жүрүшөт. Алар эркин экономикалык аймакты жаңы муундагы мекемелерге өткөрүүнү же салык жеңилдиктерин тандоо жолу менен калтырууну туура көрүшөт. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүү боюнча өз көз карашын ортого салды:

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

«Бул жерде өкмөттүн көз карашы деле бизге түшүнүктүү. Алардын жүйөсү – «эркин экономикалык аймактын ичиндеги ишкана менен сыртындагы ишканалар бирдей болсун» деген талап коюп жатышат. Бирок ошол эле кезде ал аймакта иштеген компаниялардын жүйөсү да ынанымдуу. Себеби алар башында «жеңилдик алабыз» деген шарт менен киришкен, башкача айтканда алар туруктуу режим болушун, оюндун эрежеси өзгөртүлбөшүн талап кылууда. Менимче бул жерде маселени минтип чечиш керек. Эгер бул аймакта жайгашкан фирма Кыргызстанда өндүрүлбөгөн, уникалдуу товар чыгарса - алар ички рынокто кошумча нарк салыгын төлөбөстөн сатууга укук алышсын. Эгер алар өндүрүп жаткан товарды өлкө ичинде башка фирмалар да чыгарып жатса, анда алар да ошолорго окшоп бирдей эле салык төлөш керек деген сунуш киргизип жатабыз. Бирок мунун баары мыйзам долбоорунда, депутаттардын ичинде каралып жатат. Ал кабыл алынабы, алынбайбы - азырынча белгисиз».

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, «Бишкек» эркин экономикалык аймагында 25 өлкөнүн компаниясы бар. Алардын ичинде Европадан, Кытай, Орусия, Иран, Түркия, Жапония мамлекеттеринен келген инвесторлор басымдуулук кылат.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында катталган бренддердин бир бөлүгү.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагында катталган бренддердин бир бөлүгү.

Компаниялар мында негизинен эшик-терезе, витрина сыяктуу курулуш материалдарын, пластмассадан түтүк, шише жана башка буюмдарды, кийим-кечек, эмерек, пардага окшогон нерселерди, балык, ун, чай, суусундук сыяктуу азык-түлүктөрдү жана компьютердик, теле-аудио-фото жабдууларды чыгарышат.

Дайыны белгисиз миллиондор

Баса, жогоруда айтылган 2% төлөм эсиңизден чыкпаса керек. Жөнөкөй тил менен айтканда бул «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын ушул уюмга берген мүчөлүк акысы. Башкача айтканда ал өндүрүшүнүн ушунча бөлүгүн анда жайгашканы үчүн төлөп турушу керек.

Биз мындагы компаниялар берген сумма канча болорун жана ал кайда иштетилерин «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынан тактай алган жокпуз. Мекеменин кабыл алуу бөлүмүнө телефон чалып, басма сөз катчысынын номерин алдык. Фамилиясын атабаган Кыялбек аттуу кызматкер директору Дүйшөн Ирсалиев менен сүйлөшүп көрөрүн, ошондон кийин жооп берерин айтып, ошо бойдон телефонун албай койду.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий участогунун биринчи эшиги.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий участогунун биринчи эшиги.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий аянтына барып, жетекчилиги менен жолугууга аракет кылдык. Эки эшигинен тең кире албай, соңунда кайра байланышка чыккан басма сөз катчынын «чакырбагандан кийин мамлекеттик мекемеге келүү этикага сыйбайт» деген жемесин угуп, кайтууга аргасыз болдук.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий участогунун экинчи эшиги.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий участогунун экинчи эшиги.

​Ошол себептен биз 2% чекти жөнөкөй эле арифметикага салып көрөлү. Эгер 2014-жылдан 2018-жылга чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы ишканалар өндүргөн товардын суммасын алсак, Улуттук статистика комитети орточо 4-5 миллиард сом деп көрсөтүүдө. Ал эми аймактын башкы дирекциясы бул көрсөткүчтү өзүнүн сайтында 5-6 миллиард сом деп бериптир.

Эгер ушул эле суммалардын 2% алсак, 100-120 миллион сом чыгат экен. Башкача айтканда экономикалык аймактын башкы дирекциясы 360 кызматкери (сайтындагы маалымат) менен ушунча акчаны иштетип жатат дегенди түшүндүрөт. Адистер бизге ал тургай бул сумма мындан да көп экенин, дээрлик орточо шаардын бюджети менен тең экенин билдиришти. Бул сумма кайда иштетилет, айлыкка кетеби же инвесторлорду кайтаруугабы?

Кыргызстандагы Америка соода палатасынын жетекчиси Зарина Чекирбаева да канча жылдан бери ушул суроого жооп таба албай жүрөт.

Зарина Чекирбаева.
Зарина Чекирбаева.

«Акыркы эсептер боюнча эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясына жылына 460-490 миллион сом түшүп турат. Бул акча кантип, каякка иштетилип жатканы белгисиз. Дирекция менимче өкмөткө да, парламентке да отчет бербейт окшойт. Мисалы, Экономика министрлиги буларды жөн эле көзөмөлгө алганы болбосо, каржы саясатына кийлигише албайт экен. Дирекциянын ар бир жетекчиси оозеки эле «бул каражат инфратүзүмдү жакшыртууга иштетилет» деп тил эмизип келатат. Жарык коюштубу, жол жасаштыбы же имарат салыштыбы? Болбосо анын баары 20 жыл мурда курулган, ошол эле бойдон турат, эч нерсе жаңыланган жок. Эгер алар чындап эле инфратүзүмдү жаңылап жатышса, анда ошол компаниялар көбөймөк да. Булар тескерисинче эски эле модел менен калып калышты. Өнүгүү жок, жылыш жок», - дейт Чекирбаева.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагын 1996-жылдан 2008-жылга чейин Эмил Ибраимов, 2008-жылдан 2010-жылга чейин Азим Исабеков жетектеген. 2010-жылдан 2011-жылга чейин кийин Бишкекке мэр болгон, азыр камакта отурган Албек Ибраимов башкарган. Андан кийин азыраак убакыт жетекчилик орунга Мирбек Асанакунов, анан бир жылча Бактыбек Кунаев отурган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Орозбек Нусувалиев мүдүрлүк кылса, азыркы директор Дүйшөн Ирсалиев 2016-жылдан бери башкарып келатат.

Дүйшөн Ирсалиев.
Дүйшөн Ирсалиев.

Мурдагы директорлордун тушунда да башкы дирекцияга топтолгон каражаттардын баш-аягы чыкпай, кеминде он чакты кылмыш иши козголгон. Азыркы директордун тушунда деле дарексиз чыгашаларга күмөн ойлор болбой койгон жок.

Эсеп палатасы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын 2016-2017-жылдардагы киреше-чыгашасына аудит жүргүзүп, он чакты мыйзам бузуу фактысын тактаганын былтыр жыл аягында жарыялаган. Анда сырткы канализацияны оңдоодо 980 миң сом ашыкча иштетилип, коомдук жумуштарда 7,4 миллион сомдук эреже бузуу катталган. Резерв менен бюджетинде 6,7 миллион сомдук жоготуу болгон.

Мындан сырткары «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чийдеги жана Кара-Балтадагы имараттары жана жер тилкелери туура эмес пайдаланылганы белгилүү болду. Чөлкөмдүн курамындагы 16 субъект мыйзам бузуу аркылуу ижарага берилгени такталды. Ушунун баарына Ирсалиев азырынча жооп бере элек.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий участогу. «Google» картадан алынган сүрөт.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий участогу. «Google» картадан алынган сүрөт.

​«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Ахунбай Кошоев кайра кепке кошулду.

«4-5 президент алмашты, 30 өкмөт алмашты. Ар бири кызматка келери менен өзүнүн кишисин директор кылып коюп келди. Ал ишти билеби, билбейби, алып кете алабы, өз кишиси болсо болду, коюп жатышты. Алардын айрымдары дирекцияга түшкөн акчаны өкмөткө, президенттик аппаратка же дагы бир жактарга миллиондоп берип турду. Машине алып белек кылып жиберип жүрдү. Менде муну далилдеген Эсеп палатасынын расмий кагаздарынан бери бар. Мен билгенден эле 2015-жылга чейин аймактын жетекчилигине 8 кылмыш иши козголду, бирок тергөө аягына чыкпай калды. Инвесторлордун укугун бузуп, 10-20сы менен соттошту, бир тобун үркүттү. «Центрально-Азиатская корпорация» деген компания менен соттошуп, өкмөт 23 миллион долларга утулуп калды», - деди ал.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын шаардагы участогу. «Google» картадан алынган сүрөт.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын шаардагы участогу. «Google» картадан алынган сүрөт.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы алгач «Манас» эл аралык аэропортунун жакасындагы Ак-Чий аянтындагы жерди камтыган. Мында анын 203,09 гектар аянты бар. Кийин баш калаанын жогорку тарабынан («ВДНХ») 43 гектар, Кара-Балта шаарынан 100 гектарга ээ болгон. Ошентип жалпы аянты 346,09 гектарды түзүп калган.

Үмүттүн акыркы шооласы

Албетте, биз материалда атаган маселелерден бийлик таптакыр кабарсыз деп айтуудан алыспыз. Былтыр жайда президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагына барган учурда андагы жагдайды билерин, баары чечилерин билдирген жайы бар.

Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий участогунда. 20-июль, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий участогунда. 20-июль, 2018-жыл.

«Мен бул жерде эмне маселе бар экенин жакшы билем. Салык тараптан, бажы, жетекчилик тараптан эмне болуп жатканын - баарын билем. Ошону токтотуш керек. Биз эгерде мамлекет болуп өнүгөбүз десек, жумушчу орун түзөбүз десек, салыкты арбытып, айлыкты көбөйтөлү десек, өндүрүшкө, бизнеске шарт түзүп беришибиз керек. Аларды коргоо мен баш болуп, баарыбыздын милдетибиз», - деген анда Сооронбай Жээнбеков.

Бирок маселе ушунда: бул жай качан бир жаңсыл болот? Маселелери качан чечилет? Андан да кызыгы, ушундай жагдайларды жана кыйынчылыктарды эске алганда «Бишкек» эркин экономикалык аймагына эми чет жактан инвестор келиши мүмкүнбү? Бул суроону биз инвестор Парвиз Хазарга узаттык.

«Ачык айтайын, мунун баарын билген чет элдик инвестор «Бишкек» эркин экономикалык аймагына эч качан келбейт. Түркиянын элчилигинде, башка өлкөлөрдө потенциалдуу инвесторлор менен жолугушууларда бизге муну ачык эле айтып жатышат. Бизде кошумча нарк салыгынан башка да кыйынчылыктар бар. Маселен, электр энергиясын туруктуу ала албайбыз. Өкмөт бизге «экспортко ыктагыла» деп талап койгон менен Казакстанга товар саталы десек, биздин Мамлекеттик бажы кызматы «товарыңардын кошумча нарк салыгына күрөө койгула же банктын кепилдигин бергиле» дейт. Башкача айтканда казак кардарларыбыз кошумча нарк салыгын төлөбөсө, аны биз төлөшүбүз керек болуп жатат. Мындан сырткары экспорт үчүн жеңилдетилген насыя алуу Кыргызстанда өтө кыйынга туруп калды. Балким бийликте бул кырдаалды билген кишилер бардыр деп үмүт кылам, балким эркин экономикалык аймак таптакыр кыйрап калгыча сактап калышар, чечишер деп үмүт кылам», - деп жооп берди бизге «Пласформ» фирмасынын башкы директору Парвиз Хазар.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын жумушчулары.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын жумушчулары.

Маалым болгондой, Кыргызстанда биз кеп кылгандан башка төрт эркин экономикалык аймак бар. Алар 1991-жылы ачылган «Нарын» (1,66 гектар), 1995-жылы ачылган «Каракол» (15 гектар), 1997-жылы ачылган «Маймак» (8 гектар) жана 2011-жылы ачылган «Лейлек» (10 гектар) аймактары. Бирок буларда бештен-ондон, айрымдарында отуздан гана субъектилер бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG