Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Бажы биримдиги мигранттарга эмне берет?


Эксперттер интеграциялык уюмдарга кирүүнүн максаттарынын бири мигранттардын шартын жакшыртуу экенин айтышат.
Эксперттер интеграциялык уюмдарга кирүүнүн максаттарынын бири мигранттардын шартын жакшыртуу экенин айтышат.

Кыргызстан Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык аймакка кирсе, алды менен мигранттарга пайдалуу болору айтылып келе жатат.

Бүгүнкү күндө Бажы биримдигине кирүү үчүн өкмөт Жогорку Кеңешке 16 мыйзам долбоорун жолдоп, алардын көпчүлүгү биринчи окууда кабыл алынган. Эксперттер кабыл алынып жаткан мыйзамдардын ичинен “Бажы тарифи жөнүндө” жана “Техникалык жөнгөрүүлөр жөнүндөгү” мыйзамдардын мааниси жана таасири күчтүү болорун белгилешкен.

Булардан сырткары дагы бир катар мыйзамдарга жана кодекстерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүлөр каралууда.

Маселен, “Лицензия-уруксат берүү системасы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү сунушталууда. Кыргыз өкмөтү ишкерликти өнүктүрүү максатында лицензия жана уруксат берүү системасын либералдаштырууга, кыскартууга барып жаткан. Бул багытта бир катар иштер да аткарылган.

Эми Бажы биримдигине кирүү менен алар жокко чыгарылабы деген чочулоолор жок эмес. Бирок Бажы биримдигинин таасири менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө негизинен өзгөчө товарларды экспорттоону жана импорттоону Бажы биримдигинин талаптарына ылайык жүргүзүү караштырылган. Ал өзгөчө товарлардын тизмесине курал-жарак, аскердик техникалар жана аскердик багыттагы продукциялар киргизилген. Мындан сырткары медицинада колдонулуучу маңзаттарын импорттоо жана транзит аркылуу өткөрүү жагы да каралган.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү максатында “Ветеринардык кызмат жөнүндөгү” мыйзамды да кабыл алып жатат. Ал мыйзамдын негиздемесинде Бажы биримдигинин талаптарын аткаруудан сырткары мамлекеттик ветеринардык кызматтын ролун көтөрүү да аталган. Мал ылаңынан көп жабыркап жаткан кыргызстандык малчылар жана айыл тургундары үчүн бул мыйзам колдоого алына тургандай.

Санитар-эпидемиолог, Айыл чарба министрлигинин адиси Калысбек Жумаканов бул мыйзам Кыргызстанга Бажы биримдигисиз эле керек болчу дейт:

- “Ветеринария жөнүндөгү” жаңы мыйзамдын кабыл алынышы бул өтө актуалдуу маселелердин бири. Бул мыйзам кабыл алынса, жеке ветеринарлардын иштешине жакшы шарттар түзүлөт. Жеке ветеринардык кызматкерлер ветеринария тармагындагы ишкерлер катары мал ээлери менен мамилеси такталат. Ветеринардык иш-чараларды аткарууда, аларды ишке ашырууга шарт түзүлөт. Эки тараптын жоопкерчилиги такталат.

Жумакановдун айтымында, бул мыйзамдын кабыл алынышы менен Кыргызстандын мал чарба продукциясын Бажы биримдигинин аймагында, дагы башка базарларда сатылуусуна шарт түзүлөт.

Тобокелчиликтер да арбын

Бажы биримдиги Кыргызстандан “Эркин экономикалык аймактар жөнүндөгү” мыйзамды да өз талаптарына ылайыктоону талап кылат. Жалпысынан алганда бул мыйзам Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактардын ишин, алардын экспорт жана импорттук операцияларын Бажы биримдигинин жоболоруна ылайык жүргүзүүнү талап кылат. Кыргызстанда азыркы кезде ийгиликтүүрөк иштеп жаткан “Бишкек эркин экономикалык аймагы” экени маалым.

Бажы биримдиги Кыргызстан буга чейин түзгөн айрым келишимдерди денонсациялоону да талап кылат.

Маселен, парламенттин кароосуна Иран менен соода жүргүзүүдө бири-бирине жеңилдиктерди берген келишимди жокко чыгаруу сунушталган. Иран менен Кыргызстан андай келишимге 2003-жылы жетишкен болчу.

Кыргызстан быйылкы жылдын декабрь айында Бажы биримдигине гана эмес, Евразия экономикалык аймагына да кирүүгө белсенүүдө. Бирок ага байланыштуу мыйзам долбоорлору парламентке түшө электигин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жакында эле билдирди. Ошондуктан анда кайсы мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилери азырынча толук белгилүү эмес.

Ошондой болсо да Евразия экономикалык аймагында жумушчу күчтүн, тейлөөнүн, капиталдын да эркин жүрүшүн камсыздары айтылып келатат. Алардын ичинен Кыргызстан үчүн эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүүсү маанилүү. Муну экономист Азамат Акелеев да тастыктайт:

- Кээ бир ошол жакта жүргөн адамдар "кыргызстандыктар үчүн бүгүн деле өзбек, тажиктерге караганда ыңгайлуураак шарттар түзүлүүдө, басым анчалык көп көрсөтүлбөйт" деп жатат. Ал эми мыйзам түрүндө кирсе, биздин мигранттар үчүн жеңил болот.

Ошондой эле Кыргызстанда жумушчу күчтүн жана электр энергиясынын арзандыгы капиталдын келишине ыңгайлуу шарт түзөт деген Азамат Акелеев Бажы биримдиги алып келе турган тобокелчиликтер да арбындыгын кошумчалады.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Орусия баштаган интеграциялык уюмдарга кирүүнүн максаттарынын бири ошол эмгек мигранттарынын шартын жакшыртуу дейт:

- Киргендин себеби ошол биздин мигранттарга жакшыраак шарт түзүлсүн. Биздин товарлар эркин өтсүн, сатылсын, экономика тармактары анча-мынча өнүксүн деген максат болуп жатат.

Ошол эле мезгилде Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон башка өлкөлөр менен бажы төлөмдөрү боюнча макулдашууларга барыш керектигин Акенеев кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG