Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

Бишкекте иштен алынган эки вице-мэрдин тарапкерлери митингге чогулду


Вице-мэрлик кызматтан алынган Алымбек Абдылдаев менен Виктория Мозгачёванын тарапкерлеринин митинги. Бишкек, Кыргызстан. 28-октябрь, 2020-жыл.
Вице-мэрлик кызматтан алынган Алымбек Абдылдаев менен Виктория Мозгачёванын тарапкерлеринин митинги. Бишкек, Кыргызстан. 28-октябрь, 2020-жыл.

28-октбярда Бишкек мэриясынын алдында вице-мэрлик кызматтан алынган Алымбек Абдылдаев менен Виктория Мозгачёванын тарапкерлери митингге чогулуп, аларды кайра ордуна коюуну талап кылышты.

50дөн ашык адам «Иштеткиле!», «Вице-мэрлерди кайтаргыла!» деген транспаранттарды кармап турушту.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев алар менен жолугуп, арызын укту. Кийин алардын делегаттарын ичкери кирип сүйлөшүүгө чакырды.

Бишкектин төрт вице-мэринин экөө - турак жай, коммуналдык чарба маселелерин тейлеген орун басары Алымбек Абдылдаев жана социалдык саясатка жооптуу вице-мэр Виктория Мозгачёва кечээ, 27-октябрда кызматтан кеткен. Алардын арызын Балбак Түлөбаев канааттандырган.

Анын алдында «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын директору болгон Мозгачёва вице-мэрликке туура үч ай мурда, ал эми «Бишкекжарык» ишканасын жетектеп келген Алымбек Абдылдаев 1,5 ай мурда дайындалган болчу.

Баш калаанын биринчи вице-мэринен тышкары дагы төртөө, жалпысынан беш вице-мэри бар.

27-октябрда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан Балбак Түлөбаев дайындалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG