Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

COVID-19: Абактарда пневмониянын симптомдору 1000ден ашык адамдан байкалган


Кыргызстандагы лаборатория. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы лаборатория. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму чогуу жүргүзгөн иликтөө Кыргызстандагы жабык жайларда пневмониянын симптомдору 1000ден ашык адамдан байкалганын аныктады. Бул тууралуу 28-октябрда аталган уюмдардын жетекчилери Бишкекте атайын басма сөз жыйынында билдиришти.

Иликтөөдө 47 колонияга 1000ге жакын адам пневмония менен кайрылганы жана алты адам каза болгону жазылган. 22 адам ПЧР тестин тапшырган.

Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков жабык мекемелердеги абал көз жаздымда калганын билдирди.

«Азыр ооругандардын санын орто эсеп менен айтууга да болбойт. Себеби, сурамжылоо убагында массалык учурлар катталганы билинди. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мындай маалымат берген эмес. Маалымат жашыруун болгон деп айта алабыз», - деди ал жыйында.

Изилдөөчү топ балдар үйлөрүндө жана интернаттарда да мониторинг жүргүзүшкөн. Аларда гигиеналык жана коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги байкалган.

Жабык мекемелерде медициналык персонал да жетишсиз. ЖАМКтын 85 кызматкери пневмония менен ооруган.

28-октябрга карата COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандардын расмий саны 57 276га жетти. Ооруканадан айыгып чыккандар - 48 637 киши. Учурда 3 479 бейтап стационарларда, 3 488 киши үй шартында дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1138 киши болду.

Соңку бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония дагы эки кишинин өмүрүн алып, 538 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Бир суткада илдеттен 414 киши айыкты. (ErN\AiA)

XS
SM
MD
LG