Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенконун Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) тинтүү боюнча чукул кайрылуусуна жооп берди.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, үгүт учурунда мамлекеттик органдардын кээ бир кызматкерлери, мекеме жетекчилери, мамлекеттик башкаруу 30% жогору болгон ишканалардын башчылары кайсы бир партияларга талапкер болуп, административдик ресурстарды пайдаланганы жана добуш сатып алууга жол берилгени аныкталганы белгиленет.
«Ошого байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялары «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамынын 7-20-21-беренелерин аткаруу боюнча ыйгарым укуктарын, ошондой эле көптөгөн шайлоо мыйзамдары бузулганын эске алуу менен айрым партиялардын жана кээ бир талапкерлердин каттоосун жокко чыгарышы керек болчу. Көрсөтүлгөн фактылар тиешелүү текшерүүлөрдү жана тергөө аракеттерин талап кылат жана ал сотко чейинки териштирүүнүн алкагында гана ишке ашат», деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Башкы көзөмөл мекемеси ушуга байланыштуу Башкы прокуратура Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Шалаакылык» деген 331-беренесинин негизинде материалдарды 8-октябрда каттап, сотко чейинки териштирүү жүргүзүүнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп бергенин билдирет. БШКнын төрайымы жана мүчөлөрү да ушул иш боюнча суракка алынып, тинтүү да ошонун негизинде жүргөнү кабарланат. Мекеме иш аларга каршы козголбогонун жана аларды шектүү деп атоо орунсуз экенин маалымдайт.
Парламент депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана ички иштер министри Улан Ниязбековго чукул кайрылуусун 24-октябрда жиберген. Анда ал Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) күч түзүмдөрү менен басым көрсөтүүнү тезинен токтотууга чакырып, бардык маселени Конституциядан жана мыйзамдан аша чаппай чечүүгө үндөгөн.
Депутаттын кайрылуусунда «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамга ылыйык, шайлоо даярдык башталган учурда жана шайлоо мезгилинде БШКнын мүчөлөрүнө карата кылмыш ишти башкы прокурор гана козгой алары көрсөтүлөт.
24-октябрда БШК имаратына Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү тинтүү жүргүзгөн. 21-октябрда ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. (ErN)