Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

Соттук өкүлчүлүк борборунун мурдагы директору кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) өкмөткө караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун мурдагы директорун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектүү катары кармады. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме мурдагы директордун инициалык «Ш.Т.» деп маалымат таратты. Бир топ басылмалар ал Тимур Шамбетов экенин белгилешти.

Финансы полициясы билдиргендей, Соттук өкүлчүлүк борборунун кызмат адамдары мамлекеттик бюджетке 12 млн. доллардай (бир млрд. сомго жакын) зыян келтиришкен. Иш боюнча тергөө уланууда.

Экономикалык кылмыштарга күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Соттук өкүлчүлүк борборунун ишмердигине байланыштуу кылмыш ишин быйыл сентябрда баштаган. Бул ишке байланыштуу ошол учурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 30-сентябрда Финполго суракка чакырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG