Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:27

Бишкек шаарына вице-мэрлер дайындалды


Бишкек шаарына дайындалган вице-мэрлер Алмаз Бакетаев жана Айжан Чыныбаева.
Бишкек шаарына дайындалган вице-мэрлер Алмаз Бакетаев жана Айжан Чыныбаева.

Бишкек шаардык мэриясынын биринчи вице-мэри Нариман Түлеев ээлеген кызматынан бошотулуп, ага кайрадан Алмаз Бакетаев дайындалды. Дагы бир вице-мэрлик кызматка Айжан Чыныбаева коюлду. Алмаз Бакетаев мурдатан ушул эле биринчи вице-мэрлик кызматты аркалап келе жаткан. Айжан Чыныбаева ишкер, соңку парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан талапкер болгон.

Буга чейин шаар башчысынын турак жай, коммуналдык чарба маселелерин тейлеген орун басары Алымбек Абдылдаев жана социалдык саясатка жооптуу вице-мэр Виктория Мозгачёва 27-октябрда кызматтан бошотулган. Ал эми куруу жана муниципалдык менчик тармагын тейлеген вице-мэр Уланбек Азыгалиев менен транспорт тармагын тейлеген вице-мэр Азизбек Алымкулов өз ордунда иштеп жатышат. Турак жай, коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрдин орду бош турат.

Бишкек мэринин биринчи вице-мэрден тышкары төрт орун басары бар.

Дайындоолор тууралуу тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Балбак Түлөбаевди жаңы мэр шайланып келгенче милдетин аткаруучу кылып 27-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров дайындаган.

Балбак Түлөбаев 2018-жылы Бишкек мэриясынын аппарат башчысы, 27-июлдан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

20-октябрда Азиз Суракматов кызматынан өз каалоосу менен кетип, ордуна вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевди калтырып кеткен. Буга байланышкан нааразылык акциялары 27-октябрга чейин созулду. (ErN)

XS
SM
MD
LG