Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Блогер жандыктын башы салынган куту алды


Элмира Ниязбековага (Эркежан Исакова) келген куту. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Элмира Ниязбековага (Эркежан Исакова) келген куту. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Нарындык журналист, блогер жана жарандык активист, медиа чөйрөдө Эркежан Исакова аттуу псевдоним менен чыгып жүргөн Элмира Ниязбекова белгисиз адамдардан жандыктын башы салынган куту алды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Маалыматты ал «Азаттыкка» да ырастап, ага куту Бишкектен салынганын, анын колуна 27-октябрда тийгенин билдирди. Блогер буга байланыштуу 28-октябрда Нарын шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазганын кабарлады.

Элмира Ниязбекова журналист катары мурдатан коррупциялык жана башка темаларды жазып келгенин, кийинки убакта блогер катары социалдык тармактарда курулушу бүтпөй калган бала бакчанын имараты, кадрдык дайындоолор боюнча өз пикирлерин бөлүшкөнүн билдирди. Ал кектешкен адамы деле жок экенин айтып, коркутууну ушул ишмердүүлүгү менен байланыштырды.

Ниязбекова колуна тийген буюм иттин кесилген башына окшош экенин, калганын күч кызматтары териштирерин, ким жөнөткөнүн аныктап берерине үмүт кылып жатканын айтты.

Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул факты боюнча арыз келип түшкөнүн ырастап, куту Бишкектен жөнөтүлгөнү үчүн иш борбордун Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилгенин, иликтөө иштери жүрүп жатканын бышыктады. (ErN)

XS
SM
MD
LG