Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Коронавирустан улам Францияда толук карантин киргизилди


Франциянын президенти Эммануэл Макрон жаңы чаралар жөнүндө телекайрылуу жолдоду.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жаңы чаралар жөнүндө телекайрылуу жолдоду.

Францияда 29-октябрдан тартып экинчи жолу толук карантин киргизилди. Барлар, ресторандар жана бир катар ишканалар коронавирус күч алганына байланыштуу жабылды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрондун айтымында, күнүнө он миңдеген адамдан вирус табылып жатканына байланыштуу саламаттык сактоо системасына күч келүүдө. Жазындагыдай эле бул жолу өлкө тургундарына жүйөлүү себепсиз үйдөн чыгууга болбойт. Болгону азык-түлүк алганы чыкканга, ооруканаларга барууга жана бир саат спорт көнүгүүлөрүн сыртта жасоого уруксат берилет. Анткен менен жазындагыга салыштырмалуу айрым жеңилдиктер бар.

Француз президентинин бул билдирүүсүнөн бир нече саат мурда Германиянын канцлери Ангела Меркел өлкөсүндө төрт жумалык карантин киргизилерин жарыялаган болчу. Жаңы чектөөлөргө ылайык Германия жарым-жартылай жабылат. Ал эми 2-ноябрдан тартып бардык тамактануучу, көңүл ачуучу жана спорт жайлары да ишин токтотот. Дүкөндөрдө гигиена эрежелери катаалдашат.

Кошмо Штаттары коронавирус катуу жайылган мамлекеттердин сап башында кала берүүдө. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, октябрь айында эле Америкада миңдей киши көз жумуп, 73 миң адам коронавируска чалдыккан. Экинчи орунда Индия турат. Бул мамлекетте сегиз миллиондой адамдан вирус аныкталган.

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 44 миллиондон ашты, ал эми бул илдеттен 1.1 миллиондон көп адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG