Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 23:12

Коронавирус дагы 596 адамга жугуп, үч бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.

30-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония үч кишинин өмүрүн алды. Дагы 596 адам ооруну жугузуп алганы аныкталып, 425 бейтап айыкты.

Илдет жаңы жуккандардын арасында жети киши - медицина кызматкери.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинде Кыргызстанда коронавирус чыккан март айынан бери бул дарттан өлгөндөрдүн саны 1142 болду.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 58394 кишиге жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 49 522 киши. Учурда 3359 бейтап стационарда, башкалары үй шартында дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери оору жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3612 кишиге жетти, алардын 3316сы айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты.

2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан вирус 188 өлкөгө тарады.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 30-октябрга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 45 миллиондон ашты. Алардын бир миллион 181 миңден көбү жашоо менен кош айтышты, 30 миллион 237 миңден көбүрөөк бейтап айыкты. (SE)

XS
SM
MD
LG