Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Финпол: Акылбек Жапаровго тиешеси бар саналган «МИС» ишканасынын салыкка ири карызы аныкталды


Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты.
Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты.

«МИС» (Машина сыноочу станция) компаниясы 90 миллион сом салык төлөбөй келгени аныкталганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.

30-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда компаниянын өндүрүш, соода жана айыл чарба тармагындагы 30га жакын объекти бар экени такталган.

Финполдун кабарына караганда, «МИС» ачык акционердик коомунун эки негизги акционери бар. Алар «E.C.L.» деп аталган оффшордук компания жана Ж.А.Б. аттуу кыргыз жараны.

Ачык булактарда аталган компания депутат Акылбек Жапаровго таандык экени, жубайынын атына катталганы айтылып жүрөт. Жапаровдон комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Аталган компанияга байланыштуу 2017-жылы да кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол учурдагы маалыматына караганда, ишкананын өкмөт алдындагы карызы 237 млн. 791 миң 75 сомду түзгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG