Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Франциядагы Ницца шаары. 29-октябрь, 2020-жыл.
Франциядагы Ницца шаары. 29-октябрь, 2020-жыл.

Францияда бейшембидеги кол салууну улай коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Француз премьер-министри Жан Кастекс өлкөдө террордук коркунучтун деңгээлин жогорулатты.

Жергиликтүү медиа каражаттары Ницца шаарындагы чиркөөнүн аймагында үч адамды өлтүрүү үчүн шектүү адамды 21 жаштагы тунистик жаран деп мүнөздөп жатышат. Азырынча Франция менен Тунистин расмий бийлик органдары шектүүгө байланыштуу маалыматты толук бышыктай элек.

Расмий маалыматтарга караганда, 29-октябрда кылмышкер чиркөөгө кирип барып күзөтчүнү, улгайган аялды мыкаачылык менен өлтүрүп, дагы бир аялды оор жарадар кылган. Жарадар аял жакынкы барга качып барууга үлгүргөн. Бирок алган жараатынан улам жан берген.

Бразилиянын Тышкы иштер министрлиги чабуулдун курмандыгы болгон бул аял өзүнүн жараны экенин, 44 жаштагы бразилиялык жарандын үч баласы болгонун билдирди. Ал аял үзүлөр алдында: «Балдарыма аларды жакшы көрөрүмдү айтып койгула», - деп билдиргенин франциялык BFM TV кабарлады.

Француз президенти Эммануэл Макрон бул окуяны «исламчыл террорчул чабуул» деп мүнөздөгөн.

Ошол эле күнү, 29-октябрда Франциянын түштүгүндөгү Монфаве шаарында полиция кызматкерлери көчөдө бараткандарды автомат менен коркуткан адамды атууга аргасыз болушканын «Reuters» агенттиги жазды.

Бейшембиде Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жергиликтүү тургун француз консулдугунун күзөтчүсүнө бычак менен кол салган. Кол салууга кабылган адам ооруканага жеткирилип, кылмышка шектүү кармалды.

Францияда орто мектептин мугалими Сэмюэл Патинин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө бир ай боло элек. Ал кылмышка чечен улутундагы адам барганы аныкталган. Патиге кол салган киши мугалимди мектептердеги сабактарда окуучуларга Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көрсөткөнү үчүн жазалагысы келгенин айткан.

XS
SM
MD
LG