Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Дүйнө өлкөлөрү Ниццадагы кол салууну айыптады


Ниццадагы калабадан кийин күч түзүмдөрү аянтты курчашты. 29-октябрь, 2020-жыл.
Ниццадагы калабадан кийин күч түзүмдөрү аянтты курчашты. 29-октябрь, 2020-жыл.

Франциянын Ницца шаарында 29-октябрда бычак менен куралданган белгисиз адам чиркөөнүн жанында үч адамды өлтүрдү. Франция прокуратурасы террорчулук боюнча кылмыш ишин ачты.

Расмий маалыматтарга караганда, кылмышкер чиркөөгө кирип барып күзөтчүнү, улгайган аялды мыкаачылык менен өлтүрүп, дагы бир аялды оор жарадар кылган. Ал аял көп өтпөй жан берген.

Ницца шаарынын мэри Кристиан Эсторзинин айтымында, кол салган адам полицияга кармалган учурда да «Аллах Акбар!» деп кыйкырууну уланткан.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон окуя болгон жерде сүйлөп жатып Ниццадагы кандуу окуядан кийин анын мамлекети өз «баалуулуктарынан» баш тартпай турганын айтып, бардык диндеги жарандарды бөлүнбөөгө чакырды:

"Айымдар жана мырзалар, бүгүн биздин мамлекетибиз кайрадан исламчыл террорчулардын чабуулуна кабылды. Бүгүн Ниццада, Нотр-Дам чиркөөсүндө биздин үч мекендешибиз өлтүрүлдү. Ошол эле маалда биздин Сауд Арабиясындагы консулдугубузга дагы чабуул жасалды",-деген Макрон Франция миңдеген аскерлерди маданий жана агартуу мекемелерин кайтарууга жиберерин кошумчалады.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Ниццанын мэри Кристиан Эсторзи теракт болгон жерде. Франция. 29-октябрь, 2020-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Ниццанын мэри Кристиан Эсторзи теракт болгон жерде. Франция. 29-октябрь, 2020-жыл.

Бейшембиде Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жергиликтүү тургун француз консулдугунун күзөтчүсүнө бычак менен кол салган. Кол салууга кабылган адам ооруканага жеткирилип, кылмышка шектүү кармалды.

Ошол эле күнү, 29-октябрда Франциянын түштүгүндөгү Монфаве шаарында полициячылар көчөдө бараткандарды автомат менен коркуткан адамды атканга аргасыз болушканын «Reuters» агенттиги жазды. "Europe 1" радиостанциясы кабарлагандай, ал адам дагы "Аллах акбар!" деп кыйкырган.

Францияда орто мектептин мугалими Сэмюэл Патинин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө бир ай боло элек. Ал кылмышка чечен улутундагы адам барганы аныкталган. Патиге кол салган киши мугалимди мектептердеги сабактарда окуучуларга Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көрсөткөнү үчүн жазалагысы келгенин айткан.

Пати өлтүрүлгөндөн кийин Франциянын расмий адамдары Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүн тартуу укугу боюнча кайрадан сөз кылып башташты, ал эми пайгамбардын карикатуралары өлтүрүлгөн мугалимге тилектештик билдирүү акцияларында кеңири пайдаланылды.

Бул көрүнүш бир катар мусулман мамлекеттеринде нааразылык жаратты. Айрым өлкөлөрдүн өкмөттөрү француз товарларын бойкоттого чакырышты.

Франция менен соңку күндөрү алакасы курчуп кеткенине карабастан Анкара дагы Ниццадагы кол салууну айыптады. Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон экстремизмге каршы күрөштө Францияга тилектештигин билдирди.

29-октябрдагы кол салуу боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков адамдарды өлтүрүү мүмкүн эместигин, ошол эле маалда диний ишенимге да шек келтирүү туура эмес экенин билдирди.

«Албетте, динчил адамардын сезимдерине акаарат келтирбеш керек, ошол эле маалда адамдарды өлтүрүү да кабыл алынгыс»-деген Песков Ниццадагы терактты «үрөй учурган трагедия» деп атады.

Кандуу окуялар болгон Ниццадагы Нотр-Дам чиркөөсүнүн алдында топтолгон полиция кызматкерлери. 29-октябрь, 2020-жыл.
Кандуу окуялар болгон Ниццадагы Нотр-Дам чиркөөсүнүн алдында топтолгон полиция кызматкерлери. 29-октябрь, 2020-жыл.

Франциядагы Мусулмандар кеңеши Ниццадагы кол салууну айыптады.

«Каза болгондордун жакындарына тилектештик билдирүү максатында Франциядагы баардык мусулмандарды Мавлид майрамын белгилебөөгө чакырам» деп айтылат Франциядагы Мусулмандар кеңешинин билдирүүсүндө.

29-октябрда Мухаммед пайгамбардын туулган күнү белгиленет.

Ницца шаарында 2016-жылдын февраль айында дагы ири теракт болгон. Анда Бастилия күнү майрамдалып жатканда 31 жаштагы Тунистин жараны оор жүк ташуучу машине менен адамдар тобун сүзгөн. Калабада 86 киши жан таслим болгон.

XS
SM
MD
LG