Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Түркия менен Франциянын тиреши күч алды


 Түркия жана Франция президенттери.
Түркия жана Франция президенттери.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган мекендештерин франциялык товарларды бойкоттоого чакырды. Өткөн аптанын соңунда Эрдоган Франция мамлекет башчысы Эммануэл Макронду "психикалык саламаттыгын текшертсин" деп айткандан кийин Париж Анкарадагы элчисин чакыртып алган.

НАТО боюнча өнөктөштөр - Франция менен Түркиянын бул жолку дипломатиялык кайым айтышы Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүнө байланыштуу келип чыкты.

26-октябрда Эрдоган “Францияда түрк товарларын сатып албагыла деп айтып жатышат. Мен өз элиме кайрылып, Францияда чыккан товарларды албагыла деп чакырам”, - деп билдирди.

Түркиянын Статистика институтунун маалыматына ылайык, Франция импортерлордун арасында 10-орунда турат жана Түркиянын жетинчи ири экспорт рыногуна айланган. Францияда жасалган машинелер Түркияда өзгөчө популярдуу.

Бир жума мурун Париждин жака белиндеги мектепте иштеген мугалим Самюэл Пати сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп болгондо Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүн көргөзгөндөн кийин ашынган исламчыл жигиттин колунан каза тапкан. Бул ырайымсыз кылмыш франциялыктардын үрөйүн учурган.

Бир нече жыл мурун “Шарли Эбдо” сатирикалык журналында жарык көргөн ал сүрөттөр 23-октябрда өкмөт имаратында чагылдырылып, мусулман дүйнөсүндө чоң нааразылык жаратты.

Макрондун “Франция карикатуралардан баш тартпайт” деген сөзү бир катар мусулман жана араб мамлекеттеринде француз товарларын бойкоттоо чакырыктарына май тамызды. Француз президенти секулярдык мамлекетти коргоп, радикалдуу ислам менен күрөшүүгө убада кылган.

Эрдоган ишембиде башкаруудагы партиянын Кайсеридеги жыйынында француз президентин катуу сындады:

"Ушул Макрон деген кишинин ислам, мусулмандар менен кандай маселеси бар? Макрон акыл-эсин текшерттириш керек. Дин тутуу эркиндигин түшүнбөгөн, өз өлкөсүндөгү түрдүү конфессияларга таандык миллиондогон кишиге ушундай мамиле кылган мамлекет башчы тууралуу башка эмне деп айта аласың? Биринчиден, ал психикалык саламаттыгын текшертип көрүнүш керек".

Мындай билдирүүдөн кийин Париж Анкарадагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алды.

Дүйшөмбүдө Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас Эрдогандын Макрон тууралуу сөздөрүн “кабыл алынгыс” деп, Францияга тилектештигин билдирди:

"Президент Эрдогандын президент Макронго каршы жеке чабуулдары уланган маалда биз Францияга тилектеш бойдон кала беребиз. Андай комментарийлер таптакыр кабыл алынгыс. Бирок биринчи кезекте биз Франция менен ислам экстремизмине каршы күрөштө тилектешпиз. Өзгөчө өткөн жумадагы ырайымсыз терррдук кылмыштан кийин".

Ал тапта Пакистан Франциянын Исламабаддагы элчисин чакыртып нааразылыгын билдирди. Анын алдында, жекшембиде премьер-министр Имран Хан Макрон Мухаммед пайгамбарды шакабалаган сүрөттөрдү өкмөт имаратынын дубалына чагылдырууга жол берүү менен “исламга чабуул койду” деп билдирген.

Мухаммед пайгамбардын карикатуралары 2005-жылы даниялык гезитке чыккан. Ошондо да катуу нааразылык тутанып, автордун дарегине коркутуу, опузалар айтылып, бийлик аны кайтарууга алган.

XS
SM
MD
LG