Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 02:21

Пакистандын Улуттук банкы Бишкектеги филиалын жабат


Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги филиалынын имараты.

Пакистандын Улуттук банкы Бишкектеги филиалын жабат. Банктын директорлор кеңеши ушундай чечим кабыл алганын филиалдын башчысынын орун басары Жылдыз Табылдиева «Азаттыкка» билдирди:

«Мунун Кыргызстандагы коомдук-саясий жагдайга эч кандай тиешеси жок. Пакистандын Улуттук банкы бизнес-стратегиясына өзгөртүү киргизип, Борбор Азиядан кетүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул маселе 2020-жылдын башында талкууланып, октябрда акыркы чечим кабыл алынды».

Табылдиева банктын филиалы дароо жабылбай турганын, бул узак жараян экенин кошумчалап, бардык кардарларына тийиштүү маалыматтар берилип жатканын айтты.

Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы 2000-жылы ачылган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG