Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Алматыда реформаны талап кылгандар митингге чыгышты


Казакстандын Алматы шаарындагы митинг. 31-октябрь, 2020-жыл.
Казакстандын Алматы шаарындагы митинг. 31-октябрь, 2020-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында 31-октябрда саясий реформаларды өткөрүүнү жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылган митинг өтүп жатат. Анын уюштуруучулары жыйын башында ар кайсы шаарларда абактарда каза болгон, кармалган, камалган жана айыппулга жыгылган ондогон адамдардын тизмесин окушту.

500 адамга деп уруксат алынган митинг Чокан Валиханов скверининин маңдайында, Илимдер академиясынын алдында өтүп жатат. Катышуучулардын көбү Казакстандын желегин, укук коргоочулар саясий туткун деп тапкан адамдардын сүрөттөрүн кармап алышкан.

Митингде коомдук ишмерлер, журналисттер жана саясатчылар сөз сүйлөп жатышат. Анын ичинде парламентке аралаш шайлоо системасын киргизүүнү, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жетектеген Казакстандын Коопсуздук кеңешин реформалоону, парламенттик шайлоону калыс өткөрүүнү талап кылып жаткандар бар.

31-октябрга карата митингге уруксат алынган алдында ар кайсы шаарларда активисттер кармалды, үйлөрү тинтилгени кабарланды. Активисттер аларды коркутуу болгонун, милицияга чакырылганын маалымдашты. "Qaharman" укук коргоо кыймылы 26-октябрдан 30-октябрга чейин он шаарда кеминде 37 адам кармалганын билдирген. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул тинтүүлөр жана кармоолор боюнча маалымат берген эмес.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленген.

Мыйзамга ылайык, Мажилистин депутаттары партиялык тизме менен шайланат. Коомчулукта шайлоого бойкот кылууга чакыргандар күчөгөн.

Казакстандагы шайлоолордун бири да батыш байкоочулары тараптан калыс жана акыйкат өттү деп таанылган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG