Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Тогуз айда 2 млрд. сомдон ашык салык чогулбай калды


Кыргызстандын монета-тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын тогуз айында 55 млрд. 55,2 млн. сом салык жана төлөм чогултту. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Анда белгиленгендей, муну менен план 96,2 % аткарылды жана салык 2 млрд. 170,3 млн сомго кем жыйналды. Мекеме салыктардын кыскарышын коронавирус пандемиясынан улам жыл башында ишканалар чектөөгө калганы менен байланыштырат.

Тогуз айдын жыйынтыгы 30-октябрда мекеменин коллегиялык жыйынында талкууланды. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев анда бул убакыттагы ишмердүүлүк тууралуу маалымат берди.

31-октябрда өкмөт аппаратынан кабарлашкандай, кечээги жыйынга биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков катышып, салык кызматынын аракеттерине оң баасын берди. Мындан сырткары ал мекемедеги бир катар кемчиликтерди көрсөтүү менен салык кызматынын ишиндеги жакынкы мөөнөткө карай артыкчылыктарды белгиледи.

«Мамлекеттик салык кызматы «жазалоочу органдын» образынан кайтып, калк жана бизнес үчүн тейлөө көрсөтүүчү органга айланышы керек. Салык кызматын реформалоо салык администрациясын санариптештирүү, ошондой эле «Смарт Салым» салыктык башкаруунун санариптештирүү долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр менен байланышты электрондук аралыктагы форматка ыкчам өткөрүү жолу аркылуу ишке ашырылат»,-деген жыйында Артем Новиков.

2020-жылдын бюджети кайра такталгандан кийин Мамлекеттик салык кызматы быйыл 75 млрд. 828 млн. сом салык чогултуу планын бекиткен. (ErM)

XS
SM
MD
LG