Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

УКМК Ташиев Орусияга расмий сапар менен барганын билдирди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирүү таратып, комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусия Федерациясынын аймагында расмий сапар менен жүргөнүн маалымдады.

Мекеме тараткан билдирүүдө сапардын алкагында Ташиев аталган өлкөдөгү өнөктөш кызматтардын жетекчилери менен расмий жолугушуулар өткөнүн, андан сырткары Орусиянын аймагында иштеп жаткан мекендештер менен да кездешүү болгону айтылат.

29-октябрда кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушканын чогулушка катышкан диаспора өкүлдөрү билдирген. Жыйынга кыргыз диаспораларынын 300дөй өкүлү – Орусиядагы кыргыз диаспорасынын ар кайсы райондук жана облустук бирикмелеринин, коомдук уюмдардын жетекчилери жана активисттер алдын ала тизме менен чакырылган.

Жолугушуунун жүрүшүн фото-видеого тартууга жана түз эфирден берүүгө уруксат берилген эмес. УКМК да сапар тууралуу 30-октябрда, маалымат каражаттары диаспоранын өкүлдөрүнө таянып Ташиев менен жолугушканын жазып чыгышкандан кийин расмий билдирүү таратты.

Камчыбек Ташиевдин катарында Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Эркин Айдит, ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн, миграция кызматынын башчылары, элчиликтин башка кызматкерлери да отурганын көрүүгө болот.

Кыргызстандын башкы чекисти чет мамлекетте мигранттар менен жолуккан учур алгачкы ирет катталды.

Жолугушуу «Президент-Отель» мейманканасынын банкеттик залында уюштурулган. Москванын борборунда турган мейманкананын «Большой Петровский» залынын эки сааттык ижарасы 180 миң рубль турат.

5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин келген жаңы өкмөттүн курамында Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчиси болуп 15-октябрда дайындалып, 28-октябрда парламентте ант берген.

Ташиевге чейин 22-23-сентябрда Москвага иш сапары менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев барып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан. Ага улай Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу – премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков Москвага барган. Москвадагы элчилик Айдарбековдун сапары жана анын алкагында пландалган жолугушуулар тууралуу кабары жок экенин билдирген.

Стратегиялык өнөктөш болуп саналган Орусия менен Кыргызстандын жаңы бийлиги азырынча жогорку деңгээлде диалог жүргүзө элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG